Меню

A A
АДАБИЯТ ИНСТИТУТУ: АТЫН АТАСА КУТУ СҮЙҮНӨТ

АДАБИЯТ ИНСТИТУТУ: АТЫН АТАСА КУТУ СҮЙҮНӨТ

Илимдер академиясында эң эле жаны тынбай иштеген Адабият институту бар. Чыгарып жаткан китептерин, жүргузүп жаткан иштерин көрүп, таң каласың. Жетекчиси кандай болсо, кызматкерлери да ошондой ыргакта иштейт эмеспи.
“Мына көр, демөөрчүлөрдү таап, биз кандай гана кыргызга керектүү китептерди чыгарып жатабыз”, - деп институттун директору Абдылдажан Акматалиев берип жиберген китептерди барактап отуруп көзүм чачырады. Жылдап отуруп жазылган көөнөргүс эмгек, майтарылбас мээнет уюп жатканы билинет. Китептерди бирден барактап, айрымдарын окуп чыктым. Бул жүздөгөн, балким миңдеген китептердин айрымдары гана.
“Кыргыз адабиятчыларынын жана сынчыларынын чыгармачылык бейнелери” адегенде кыргыз тилинде, андан соң орус тилинде “Твореческие портреты кыргызских литературоведов и критиков” деген аталыштагы эки томдук китеп 1924-жылдан кийин бизге белгисиз жана белгилүү акын-жазуучулардын чыгармаларын талдаган адабий сынчылардын ишмердүүлүгүн бир системага салат. Китептердеги редколлегияны карап көрсөк, башкы редактору Абдылдажан Акматалиев, жооптуу редакторлору 1-томуна Б.Омуров, 2-томуна Г.Орозова, редколлегия мүчөлөрү С.Байгазиев, А.Кадырмамбетова, К.Койлубаев, Г.Сооронкулов, М.Садыров, Н.Ыйсаева.
Китептин 1-2-томдугунда адабиятчылар жана адабий сынчылардын Токчоро Жолдошев, Омуркул Жакишев, “катуу сындаган” Жээнбай Самаганов баштаган адабий сынчылык өнөрдүн баштоочулары менен кечээги бизге белгилүү сынчы Кадыркул Даутовдордун сынчылык ишмердүүлүгү жазылган. Ал тургай дүйнөлүк адабиятта узанып, таланты менен таанылып, кыргыздын фольклор ааламы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, кичи дастандарды, Памир кыргыздарында айтылып жүргөн дастандарды жыйнап, жазып кеткен Реми Дор, Хатта Артус Томас, Карл Райхл, Василий Радлов, Мухтар Ауэзов, Калим Рахматуллин, Кытай Эл Республикасындагы “Манас” изилдөөчүлөр, кыргыздын бай фольклорун таануучулар, жайылтуучулар, алып жүрүүчүлөр жөнүндө илимий изилдөөлөрдун жыйынды китеби болуп чыккан.
Андан кийин ХХ кылымдагы “Кыргыз жазуучуларынын чыгармачылык бейнелери” көлөмдүү китебин академик Абдылдажан Акматалиев башында турган жооптуу редактору Р.Сырдыбаева, редколлегия мүчөлөрү С.Байгазиев, А.Кадырмамбетова, Г.Сооронкулов, Д.Буржубаева, Р.Сырдыбаева, Н.Ыйсаевалар чыгарышкан. Ага удаа “Творческие портреты кыргызских писателей” деп орусча котормосун чыгарышкан.
Китепте Сыдык Карачев, Касым Тыныстановдон баштап Казат Акматов, Кубатбек Жусубалиевдин өмүру, чыгармачылыгы жөнундө кеңири сөз болгон.
Кийинкиси “Акындар поэзиясы: ХIХ к. аягы, ХХ к. башындагы жазгыч акындардын өмүрү жана чыгармачылыгы” китебин адегенде кыргызча, андан кийин орусча “Акынская поэзия: жизнь и творчество акынов-письменников конца ХIХ – начало ХХ вв” деп чыгарышкан. Башкы редактору А.Акматалиев, жооптуу редактору М.Көлбаева, редколлегия мүчөлөрү Д.Буржубаева, Ж.Орозобекова, О.Сооронов.
Китепте Молдо Нияз, Нурмолдодон баштап Абдыкалык Чоробаев, Абдрашит Бердибаевге чейинки оозеки айтыш өнөрүнө катышкан жана жазгыч акындардын чыгармачылыгы ачылып берилет.
Кийинкиси, “Кыргыз фольклору” китебинин эки томдугун кыргыз жана орус тилдеринде чыгарышкан. 1-томунда лирикалык жанрлар, көңүл көтөргөн поэзия же тойлордо ырдалуучу жар-жар ырлар, үйлөнүу үлпөт ырлары, эмгек ырлары, диний ырлар, каргыштар, кошок ырлары, арман ырлары, сүйүү ырлары орун алса, 2-томунда айтыш, терме, дидактикалык чыгармалар, уламыштар, акыл-насаат ырлары, балдар фольклору, жөө жомоктор, эпикалык жанрлар, прозалык жанрлар, жомоктор, мифтер, легендалар, тарыхый ырлар, элдик поэмалар орун алган.
Буларды чогултуу, изилдөө, иретке келтирүү, китеп кылып элге тартуулоо эмне деген эмгекти талап кылат.
Абдылдажан Акматалиев башында турган Адабият институтунун кызматкерлерин алдыда келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Сүрөттөр