Меню

A A
ААЛАМ ТААНЫГАН АЙТМАТОВ КҮНҮ

ААЛАМ ТААНЫГАН АЙТМАТОВ КҮНҮ

Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына “Айтматов окуулары – 2025” эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аны Абдылдажан Акматалиев баштаган КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун эмгек жамааты өткөрдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Капай уулу, КР Президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев, Түркиянын, Тажикстандын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, академиктер, Айтматов изилдөөчүлөр катышып, сөз сүйлөштү.
КР мамлекеттик катчысы Арслан Капай уулу мындай деди: “Бүгүн салтанаттуу улуу майрам - адабият күнү, Айтматовдун туулган күнү. 1916-жылы Үркүн маалында арык тукумунан 33 кыргыз жазалоочулардын колуна түшүп, 32и өлтүрүлүп, бирөөсү тирүү калыптыр. Ал Саякбай Каралаев экен. Ошондо ал жаза тайып өлүп калса эмне болмок? Бүтүн үй-бүлөсүн, ата-энесин, бир туугандарын жазалоочулар кылычтап кырып салганда, Жусуп Абдрахманов иниси менен качып кутулуп кетиптир. Жаза тайып ошол жерде Жусуп Абдрахманов өлүп калса, тагдырыбыз кандай болот эле? Анысы кандай, ырыстуу экенбиз, 1928-жылы 12-декабрда Чынгыз Айтматов туулуп, дүйнөгө атыбызды чыгарды. Жакында эле Кытайга барып келдим. Кытайда белгилүү жазуучулар эмдиги жылы Айтматов үчүн Кыргызстанга барабыз дешти. Режиссерлору Айтматовдун чыгармалары боюнча биргелешкен кинолорду тартууга кызыгып жатышат”.
Өтө баалуу маалыматтарды берген академик Абдылдажан Акматалиев буларды айтты: “Менин колумда Чыңгыз Айтматовдун “Синегога”, “Золото и снег”, “Свидание с убитым сыном”, “Флейта и земля”, “Флейта – символ любви и печали” чыгармаларынын кол жазмалары турат. “Флейта и земля” повести орус, кыргыз тилинде чыкпаса дагы таң калычтуусу 1974-жылдары Болгариянын “Народное творчество” басмасынан чет тилде чыгып, жарык көргөн экен. Биздин институт бул чыгармалардын орусчасын жарыкка чыгардык. Кыргыз тилине которуу процесси жүрүп жатат. Таң калычтуусу, бул кол жазмалары жөнүндө бир да жолу бизге эскерип койбогону табышмак бойдон калды. 1970-жылдардын башында жазылган бул чыгармада саясий түс бар. Байымбеттин тагдыры, Чоң Чүй каналынын курулушу, партиянын иши, Каныкейдин Бухарга качышы, фольклор жуурулушуп жазылган. Партиялык кызматкер Асакеевдин прототиби табылды. Ааламдык Айтматов дагы далай изилдене бермекчи”.
Кыргыз Республикасынын Баатыры Аскар Салымбеков дароо эле сөздөн ишке өтүү керектигин айтып, буларга токтолду: “2008-жылдын башында мен Чыңгыз Айтматовго жолукканда, Ысык-Көлдө руханий-маданий борбор түзүү кыялы бар экенин айтты эле. Жери да бар экен, архитекторлорду жиберип иштей баштаганбыз. Ошол жылы июнда өтүп кетти. Ошону менен иштер калды. Чет өлкөлөргө чыксаң бардык туристтерди тартып турган бир кооз жери болот. Ташкентте Ислам цивилизациясы деген борбор салышты. Бизге дагы туристтерди кызыктыра турган жай керек. Чыңгыз Айтматов Кыргызстанда бренд. Анын үй музейине Президенттен башка кишилер кире албайт. Ошондуктан мен Бишкектин үстүндө туу желбиреп турган жерге кыргыздын руханий маданий борборун курууну сунуштайм. Мамлекет киришсе, муну бизнес да колдойт. Өзүбүзгө деле, туристтерге деле жакшы эс алуучу жай курулуп калмак. Ушуну колго алалы”.
Конференция абдан жандуу, жогорку деңгээлде өттү. Үч жылдан кийин боло турган Айтматовдун 100 жылдык мааракесине даярдыктар жөнүндө да сөздөр болду.

Сүрөттөр