Меню

A A
2026-ЖЫЛДАГЫ АДАБИЯТ БОЮНЧА НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫ КАНАДАЛЫК ЖАЗУУЧУ ЭНН КАРСОНГО ЫЙГАРЫЛДЫ

2026-ЖЫЛДАГЫ АДАБИЯТ БОЮНЧА НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫ КАНАДАЛЫК ЖАЗУУЧУ ЭНН КАРСОНГО ЫЙГАРЫЛДЫ

2026-жылдагы адабият боюнча Нобель сыйлыгына канадалык жазуучу, акын, эссеист жана котормочу Энн Карсон «классикалык салт менен эркин жана чыгармачыл диалог түзүп, заманбап адабият үчүн жаңы формаларды жараткан тайманбас жана новатордук чыгармачылыгы үчүн» татыктуу деп табылды.
Энн Карсон 1950-жылы Торонтодо төрөлгөн. 1981-жылы классикалык филология боюнча доктордук диссертациясын жактаган. Ал чыгармачылык жолунун бардык мезгилинде поэзияны, котормочулукту жана университеттерде окутуучулук ишмердүүлүктү айкалыштырып келген.
Анын чыгармачылыгынын өзөгүн филология менен поэзиянын айкалышы түзөт. Карсон чыгармачылык ишинин башаты катары сөздөрдүн этимологиясын белгилейт. Швеция академиясы анын байыркы грек тилинен жасаган котормолорун өз алдынча адабий чыгармалар катары баалайт. Алардын арасында Сапфонун ырларынан алынган үзүндүлөр, Софокл менен Еврипиддин трагедияларынын интерпретациялары бар.
1990-жылдары Карсон өзүнүн эң белгилүү чыгармаларынын айрымдарын, анын ичинде «Айнек эссе» жана «Кызылдын автобиографиясы: ыр түрүндөгү роман» аттуу чыгармаларын жараткан. Бул эмгектеринде ал байыркы адабиятты заманбап сюжеттер жана көркөм формалар менен айкалыштырган. Кийинчерээк да жанрлар жана тексттин түзүлүшү менен эксперимент жүргүзүүнү уланткан.
2024-жылы жарык көргөн «Туура эмес норма» (Wrong Norma) аттуу чыгармасында автор театралдык мүнөзү күчтүү тексттерди бириктирип, адабияттын чегинен чыгып, сүрөтчүлөр, хореографтар, опера жана театр режиссёрлору менен кызматташкан.
Комитеттин баамында, адабий формаларга жана эрежелерге карата мындай эркиндик Карсондун чыгармачылыгынын эл аралык адабий жана көркөм чөйрөдөгү өзгөчө маанисин аныктаган.
Нобель сыйлыгына талапкерлердин ысымдары алдын ала жарыяланбайт. Аларды, атап айтканда, академиялардын жана адабий уюмдардын мүчөлөрү, университеттердин профессорлору, мурдагы Нобель сыйлыгынын лауреаттары жана тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ башка адистер көрсөтө алышат. Өзүн-өзү талапкер катары көрсөтүүгө жол берилбейт. Номинацияга көрсөтүлгөндөрдүн ысымдары жана талапкерлерди талкуулоонун мазмуну 50 жылдан кийин архивдер жарыялангандан соң гана коомчулукка белгилүү болот.
Сыйлык тапшыруу аземи 10-декабрда Стокгольм шаарында — Нобелдин дүйнөдөн кайткан күнүндө өтөт. Лауреаттарга алтын медаль, диплом жана акчалай сыйлык тапшырылат. 2026-жылы сыйлыктын өлчөмү 11 миллион швед кронасынан 12 миллион швед кронасына чейин көбөйтүлдү.