Меню

A A

КР УИАНЫН АКАДЕМИК А.А. АЛТМЫШБАЕВ АТЫНДАГЫ ФИЛОСОФИЯ ИНСТИТУТУ

Директор: философия илимдеринин доктору, профессор Саралаев Нур Керимкулович
Байланыш:
📧: saralaev57@gmail.com
📞: +996 550 211 037
Адрес: 720071, г. Бишкек, пр. Чуй, 265а
📞: +996( 312) 64-14-58) 64-14-56
📧:institut.filosofii1@gmail.com

Түзүлгөн жылы: Академик А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институту, азыркы аталышын, 2023-жылдын август айында А.А. Алтмышбаев атындагы философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институту кайра каттоодон өткөндөн кийин алган. Ал эми 2018-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун 2006-жылдын 14-июлундагы (№ 64-1) буйругу менен Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту болуп түзүлгөн (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кайра каттоо номери 6150-У33015-октябрдагы 2009). 1954-жылдан баштап Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын курамында философия сектору иштеген. 1964-жылдын 9-январында Философия жана укук бөлүмү болуп түзүлгөн, 1964-жылдын 1-апрелинен Философия жана укук институту уюштурулган.
 
Кызматкерлердин курамы: 40 адам, анын ичинде: илимий кызматкерлер – 37 : илимдин докторлору –15, илимдин кандидаттары - 8
Институттун максаты - фундаменталдуу философиялык жана укуктук илимдерди өнүктүрүү аркылуу Кыргыз Республикасынын социалдык, руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.
 
Институт төмөнкү стратегиялык максаттарды ишке ашырат:
• Кыргыз элинин философиялык жана руханий мурасын изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү;
• Заманбап коомдогу социалдык, саясий жана маданий процесстерди философиялык жана теориялык жактан талдоо;
• Мамлекеттик идеологияны, жарандык баалуулуктарды жана укуктук реформаларды илимий жактан колдоо;
• Илимий кадрларды даярдоо жана өлкөнүн философиялык потенциалын өнүктүрүү;
• Философия илимин жайылтуу жана коомдо интеллектуалдык маданиятты чыңдоо.

Институт өз ишмердүүлүгүн илимий объективдүүлүк, улуттук баалуулуктарды сыйлоо жана коом алдындагы жоопкерчилик принциптеринин негизинде жүргүзөт.

Илимий изилдөөнүн негизги багыттары:
• Болмуштун фундаменталдык негиздерин жана чындыктын маңызын изилдөө;
• Санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн философиялык аспектилери, жасалма интеллекттин этикасы жана философиясы;
• Санариптик доордо аң-сезим, ой жүгүртүү жана трансгуманизм маселелери.
• Ар түрдүү диний тутумдарды, ишенимдерди жана руханий салттарды изилдөө;
• Конфессиялар ортосундагы диалог жана динди философиялык жактан талдоо;
• Кыргыз ойчулдарынын мурастарын жана улуттук философиялык мектептерди изилдөө.
• Инсан, коом жана мамлекет маселелерин трансформация шартында карап чыгуу;
• Коомдук мамилелердин этикалык жана дүйнөтаанымдык негиздери.
• Илимий билимдердин жана методологиянын эволюциясы;
• Илимий парадигмалардын жана ачылыштардын философиялык негиздери;
•Тарыхый контексттин алкагында илимдин, техниканын жана маданияттын өз ара байланышын изилдөө.
• Азыркы кыргыз коомунун социалдык түзүмү жана динамикасы;
• Баалуулук багыттарын, идентификацияны жана коомдук аң-сезимди изилдөө;
• Билим берүү, маданият жана дин тармагындагы прикладдык социологиялык изилдөөлөр.

Азыркы учурда институтта 5 бөлүм жана бир кафедра бар
- Профессор М.Ж. Жумагулов атындагы онтология жана жасалма интеллектин философиясы бөлүмү, бөлүм башчы – филос.и.д., профессор Козубаев О.К.;
- Философиянын тарыхы бөлүмү, бөлүм башчы – филос.и.д. Бабашов А.К.;
- Дин таануу жана дин философиясы бөлүмү, бөлүм башчы – филос.и.д., профессор Саралаев Н.К.
- Социалдык философия бөлүмү, бөлүм башчы – филос.и.д., профессор Стамова Р.Д.
- Социология бөлүмү, бөлүм башчы – социол.и.д., профессор Омуралиев Н.А.
- Илимдин философиясы жана методологиясы кафедрасы, кафедра башчысы – филос.и.д., Жумагулов Т.