Меню

A A
БОЛОТ ЮНУСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ ТИЛ ИЛИМИ ИНСТИТУТУ

БОЛОТ ЮНУСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ ТИЛ ИЛИМИ ИНСТИТУТУ

Туркстан АССРинин 1924-жылдын 12-апрелиндеги коллегиясында Кыргыз Билим комиссиясы түзүлүп, 1924-жылдын 20-декабрында ал Каракыргыз автономиялык облусунун Элагартуу бѳлүмүнүн алдында «Академиялык Борбор» болуп кайра уюштурулган. Тѳрага - Эшенаалы Арабаев, орун басары Касым Тыныстанов, мүчѳлѳрү Б.Данияров, О.Алиев, К.Юдахин. Ушул Окумуштуулар Кеңешинин алдында түзүлгѳн Билим коммисиясы, Элагартуу бѳлүмүнүн алдында түзүлгѳн Академиялык борбор бүгүнкү Агартуу министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин, бүгүнкү Улуттук илимдер академиясынын Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун, Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун милдетин аткарган. 1926-жылдын 8-майында Терминология комиссиясы, 1928-жылы 7-октябрда «Кыргыз край таануу илим изилдѳѳ институту», 1930-жылдары «Кыргыз маданий курулуш, илим изилдѳѳ институту» ачылган. 1936-жылдын майында бул институт «Кыргыз тили жана жазуусу илим изилдѳѳ институту» болуп кайра түзүлгѳн. 1943-жылы 15-июнда yшул институттун жана башка илим изилдѳѳ бѳлүмдѳрүнүн базасында СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалы уюуштурулуп, негизги структуралык бирдиги катары Тил, адабият жана тарых институту түзүлѳт.

1954-жылы 25-августа СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалы Кыргыз ССР илимдер академиясына айланат.

1992-жылы эгемендиктин шарданасы менен Тил жана адабият институту экиге бөлүнүп, өз-өзүнчө институт катары эки багытта изилдөө жүргүзөт. Кыргыз тилинин грамматикалык түзүлүшү, сөздүк курамы сыяктуу традициялык маселелер менен катар ХХ кылымдын 2-чейрегинде дүйнөлүк теориялык тил илиминде жарала баштаган жаратуучу грамматика, трансформациялык грамматика, эксперименттик фонетика, синтаксистик моделдештирүү, семантика, тексттик лингвистика, поэтика сыяктуу проблемаларга көңүл бурула баштады, фундаменталдык мүнөздөгү изилдөөлөр жүргүзүлдү.

Бирок Тил илими институту 2008-жылы кандайдыр бир себептерден улам жоюлуп, Адабият институтуна кошулуп калды.

“Жоюлуп” калган Тил илими институту 2025-жылдын башында 17 жылдан кийин кайрадан ачылып, улуу залкар академик Болот Юнусалиевдин ысымы берилди.

Институтта бүгүнкү күндө Кыргыз тили жана Түркология бөлүмдөрү, Чет тилдер кафедрасы, Социолингвистика тобу илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт.  

Институттун аткара турган милдети өтө жооптуу. Эгемен өлкөнүн улуттук мамлекетин түзгөн кыргыз элинин улуттук адабий тилин илимий негизде изилдөө, анын өнүгүш багытын, калыптануу өзгөчөлүгүн белгилөө, коммуникативдик-функционалдык мүмкүнчүлүгүн арттырууну шарттоочу саясый-идеологиялык, социалдык тенденцияларды аныктоо сыяктуу теориялык маселелер менен эле катар, “элдин тарыхы – тилдин тарыхы” формуласы аркылуу жалпы түрк тилдерине орток байыркы жана орто кылымдардагы жазма эстеликтердин кыргыз тилине карым-катышы жөнүндөгү маселелер негизги багыт катары күн тартибинде турат. Ошол эле учурда кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү жана ал аркылуу тиешелүү адистер менен биргеликте жасалма интеллектти “сүйлөтүү” маселеси да институттун ишмердигинин бир багыты...