Меню

A A
МАМЛЕКЕТ ЖАНА УКУК ИНСТИТУТУ

МАМЛЕКЕТ ЖАНА УКУК ИНСТИТУТУ

Институттун директору: с.и.д. Мамытов Токтокучук Болотбекович
Байланыштар:
📞: +996 509 033 336
📧: igosudarstvaipravo@gmail.com, igip@naskr.kg
Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 265а
Илимий катчы: Мукамбетова Нургуль Кадыркуловна
📧: mukambetovank@gmail.com
📞: +996 555 555 907
 
Түзүлгөн жылы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институту 2020-жылдын 15-январында А. Алтымышбаев атындагы философия институтунун алдындагы «Саясий-укуктук изилдөөлөр борбору» катары түзүлгөн. Институт Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Саясий изилдөөлөр жана экспертизалар борборунун укук мураскери болуп саналат.
 
Институттун курамы: 22 адам (12 доктор, 3 кандидат, 3 илимий кызматкер). Кызматкерлер арасында 2 академик, 1 ардактуу академик, 2 корреспондент-мүчө жана илимий кызматкерлер бар. Ошондой эле институтта аспиранттар жана докторанттар окушат.
 
Негизги багыттар: Мамлекет жана укук институту боюнча «Кыргыз Республикасынын саясий-укуктук көйгөйлөрү» аттуу жалпы долбоордун алкагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт.
- Азыркы чакырыктар жана коркунучтар шартында мамлекеттин жана коомдун өнүгүү маселелери.
- Кыргыз Республикасынын укуктук көйгөйлөрү заманбап шарттарда.
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана илимий экспертиза (2023-2028-жылдар).
- Кыргыз Республикасында социалдык-саясий процесстерди жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун көйгөйлөрүн жөнгө салуу.
- Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн шарттарынын, факторлорунун жана туруктуулугунун адекваттуулугу.
- «Бир алкак — бир жол» демилгеси алкагында Кыргызстанды өнүктүрүү.
 
Миссиясы: Республикадагы мамлекеттик органдар жана башка мекемелер менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, мамлекеттик жана муниципалдык органдар үчүн маанилүү юридикалык жана саясий илимий корутундуларды даярдоо. Негизги иш багыттары — саясий илимий, укуктук изилдөөлөр жана мамлекеттик, муниципалдык башкаруу изилдөөлөрү.
 
Институттун түзүмү: Институтта 4 илимий изилдөө бөлүмү иштейт:
- Саясий илимий изилдөөлөр жана экспертизалар бөлүмү;
- Мамлекеттик-укуктук изилдөөлөр жана экспертизалар бөлүмү;
- Мамлекеттик, муниципалдык башкаруу изилдөөлөрү жана экспертизалар бөлүмү;
- Туруктуу өнүгүүнүн дисциплинар аралык изилдөөлөрү жана экспертизалар бөлүмү.