Меню

A A
Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ ТИЛ ЖАНА АДАБИЯТ ИНСТИТУТУ

Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ ТИЛ ЖАНА АДАБИЯТ ИНСТИТУТУ

Директор: филология илимдеринин доктору, академик Акматалиев Абдылдажан Амантурович
Байланыш телефону:
📞: +996 700 000 235, 0(312) 39 20 23
📧: melis.a.-50@mail.ru
Ученый секретарь: филология илимдеринин кандидаты Тойчубек кызы Жазгүл
📞: +996 701 888203
Адреси: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй, 265а

Түзүлгөн жылы:
Институт 1924-жылы түзүлгөн.
2008-жылы академик Чыңгыз Айтматовдун ысымы институтка берилген.
Бүгүнкү күндө Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту.– бул чыгармачыл илимий жамаат, анда 80 (73, 5 штат) кызматкер эмгектенет: Алардын ичинен 76 илимий кызматкер, анын ичинде КР УИАнын 2 академиги, 11 илимдин доктору жана 19 кандидаты бар.
Институттун илимий журналы: “Тил, адабият жана искусство”

Институттун илимий-изилдөө иштеринин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
Долбоор: “Тилдин, адабият менен фольклордун өнүгүү эволюциясын доор алмашуусунун контекстинде изилдөө ( 2021-2025-жж.)”.
- Кыргыз тил илиминин өнүгүү процессиндеги интеграция жана дифференциация: тарыхы, учурдагы абалы.
- КР мамлекеттик тилинин коомдун маанилүү чөйрөлөрүндө колдонулушу
- Айтматов энциклопедиясы (Ч.Айтматовдун 100 жылдыгына карата)
- Кол жазмаларын экспертизанын жаңылык методдору жана илимий сүрөттөмөлөр
- Кыргыз мифологиясынын сөздүгү
- Эгемендик мезгилдеги кыргыз адабияты

Институттун түзүмү:
Институтта 5 илимий-изилдөө бөлүмү, 1 кол жазма фонду жана 1 кафедра бар:
- “Манас” таануу, фольклор жана акындар поэзиясы бөлүмү”. Бөлүм башчы, ф.и.д., доцент Көлбаева М.К.
- “Кыргыз адабиятынын тарыхы жана теориясы бөлүмү”. Бөлүм башчы, ф.и.д. Койлубаев К.
- “Кол жазмалар фондусу”. Бөлүм башчы, ф.и.к. Исаева А.
- “Айтматовтаануу борбору”. Бөлүм башчы, ф.и.к. Ыйсаева Н.
- “Азыркы кыргыз тил илими бөлүмү”. Бөлүм башчы, ф.и.к. Исраилова Д.
- “Мамлекеттик тил жана социолингвистика бөлүмү”. Бөлүм башчы, ф.и.к. Джамашева Г.
- “Мамлекеттик тил жана чет тилдер кафедрасы”.Бөлүм башчы, ф.и.к.Кадыралиева Д