Меню
ХИМИЯ-ТЕХНОЛОГИЯ, МЕДИЦИНА-БИОЛОГИЯЛЫК АЙЫЛ-ЧАРБА ИЛИМДЕРИ БӨЛҮМҮ
БИОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ
Негизги изилдөө багыттары: -Флора жана фаунага мониторинг жүргүзүүнүн илимий негиздери. Сейрек кездешүүчү жана экономикалык жактан маанилүү түрлөрдү жана экосистемаларды коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу; - жаратылыш жана техногендик чөйрөнүн учурдагы абалына комплекстүү экологиялык-биогеохимиялык жана радиологиялык баа берүү; - Кыргызстандын тоо экосистемаларынын микробдук биологиялык ар түрдүүлүгү жана анын биосферанын туруктуу өнүгүүсүндөгү ролу.
П.А. ГАН АТЫНДАГЫ ИЛИМИЙ-ӨНДҮРҮШ ТОКОЙ БОРБОРУ
Илимий изилдөлөрдүн негизги багыттары: - Кыргызстандын токой өсүмдүктөрүнүн ресурстарын сактоо жана туруктуу пайдалануу; - токойлордун түшүмдүүлүгүн жана көбөйүшүн жогорулатуунун экологиялык жана токой чарбалык негиздери; - токой ресурстарына жана токой жерлерине экологиялык-экономикалык баа берүү; - токойлорду калыбына келтирүү жана токой өстүрүүнүн ыкмалары; - токойлорду илдеттерден жана зыянкечтерден коргоонун илимий негиздери.

ХИМИЯ ЖАНА ФИТОТЕХНОЛОГИЯЛАР ИНСТИТУТУ
Негизги багыттар: - Көрсөтүлгөн касиеттери жана сапаты бар жаңы материалдар; - Медицинанын жана айыл чарбасынын керектөөлөрү үчүн пайдалануу максатында жаңы биологиялык активдүү кошулмаларды иштеп чыгуу;

БИОТЕХНОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ
Илимий ишмердиктин негизги багыттары: - Жаратылыш очокторуна жана өзгөчө корголуучу аймактарга мониторинг жүргүзүү жана генетикалык ресурстар банкы үчүн баалуу тирүү организмдерди аныктоо; - Малдын жугуштуу жана өзгөчө коркунучтуу ооруларынан вакциналарды жана башка биологиялык коргоо каражаттарын долбоорлоо; - Республиканын аймагында жаныбарлардын маалымат базасын жана коллекцияларын түзүү;

БИЙИК ТОО ФИЗИОЛОГИЯСЫ ЖАНА МЕДИЦИНАСЫ ИНСТИТУТУ
Негизги изилдөө багыттары: - адамдын бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашуусунун нейрофизиологиялык, иммунофизиологиялык жана психофизиологиялык механизмдери; - ден соолугуна баа берүү жана тоодогу жана жагымсыз экологиялык шарттарда адамдын функционалдык абалын оптималдаштыруунун ыкмаларын жана жолдорун иштеп чыгуу; - Республиканын тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүүнүн экофизиологиялык жана социалдык аспектилери

ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ Э.З. ГАРЕЕВ АТЫНДАГЫ БОТАНИКАЛЫК БАК
Негизги изилдөө багыттары: • «Жыгачтуу өсүмдүктөрдү интродукциялоо жана сактоо» • «Гүл жана декоративдүү өсүмдүктөрдүн интродукциясы жана селекциясы»; • «Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн интродукциясы жана селекциясы»; • «Чүй өрөөнүнүн шартында декоративдик жана дарылык өсүмдүктөрдүн өсүү жана өнүгүү биологиясын изилдөө»; • «Нарындын бийик тоолуу шартында өсүмдүктөрдү интродукциялоо жана адаптациялоо».