
БИОТЕХНОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ
Директору: академик Жунушов Асанкадыр Темирбекович
Байланыштар:
📞: (+996 312) 64-19-55,
📧: junushov@mail.ru
Окумуштуу катчы: а/ч.и.к. Бердибаева Аида Бердибаевна
📞: (+996 312) 39-18-43
📧: biotech.nas@gmail.com
Дареги: 720071, Бишкек ш., Чуй пр., 265
Түзүлгөн жылы:
Биотехнология институту (2002-жылга чейин – Биохимия жана физиология институту) 1964-жылдын апрель айында Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Ботаника институтунун жана Зоология жана паразитология институтунун лабораторияларынын базасында түзүлгөн. Институттун уюштуруучусу жана биринчи директору академик В.Г. Яковлев болгон. Институттун башатында, изилдөөлөрү перспективалуу илимий багыттарды түзгөн, эң ири илимпоздор, илимдин көрүнүктүү уюштуруучулары (Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги Н. И. Захарьева, Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги М. Н. Лущихин, Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги А.А. Волкова, Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги Р. Э. Садыков, мүчө-корреспонденттер Г. А. Евтушенко, Ц.Ц. Хандуев) турушкан.
Илимий ишмердиктин негизги багыттары:
- Жаратылыш очокторуна жана өзгөчө корголуучу аймактарга мониторинг жүргүзүү жана генетикалык ресурстар банкы үчүн баалуу тирүү организмдерди аныктоо;
- Малдын жугуштуу жана өзгөчө коркунучтуу ооруларынан вакциналарды жана башка биологиялык коргоо каражаттарын долбоорлоо;
- Республиканын аймагында жаныбарлардын маалымат базасын жана коллекцияларын түзүү;
- Кыргызстандын өсүмдүк ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу ыкмаларын иштеп чыгуу;
- Генетикалык маалыматтар банкын түзүү;
- Кыргызстандын генетикалык ресурстар банкына сунушталган жаныбарларды биотестирлөө.
Биотехнология институту «Биологиялык ар түрдүүлүктү, азык-түлүк жана биологиялык коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттик программалардын алкагында жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана микроорганизмдердин генетикалык фондун сактоо жана пайдалануу» долбоорунун үстүндө иштеп жатат.
Учурда биотехнология институтунда 6 лаборатория бар:
Биотехнология жана тамактануу лабораториясы – лаборатория башчысы, академик, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Жунушов А.Т.,
Генетика жана биотехнология лабораториясы – лабораториянын башчысы, мүчө-корреспондент, биология илимдеринин доктору, профессор Худайбергенова Б.М.
Биохимия лабораториясы – лаборатория башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, Токтосунов Б.К.
Өсүмдүктөрдүн биотехнологиясы лабораториясы – лабораториянын башчысы, биология илимдеринин доктору, Умралина А.Р.
Вирусология лабораториясы – лаборатория башчысы, ветеринария илимдеринин кандидаты, Абдыкеримов Н.К.
Микробиология лабораториясы – лаборатория башчысы, биология илимдеринин кандидаты, Мадумаров А.К.
Биотехнология институтунун эң маанилүү милдети биотехнологиялык методдорду колдонуу менен жаныбарлардын ден соолугун, ошондой эле айлана-чөйрөнү коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу патогендик агенттерден коргоонун жаңы каражаттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу проблемалары боюнча фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүү болуп саналат. Ошондой эле жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана микроорганизмдердин биологиялык ар түрдүүлүгүн жана генетикалык ресурстарын сактоо.
Биотехнология институту эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет. Акыркы жылдары Биотехнология институту Япония, АКШ, Улуу Британия, Канада, Италия, Швейцария, Франция, Түштүк Корея жана Россиянын окумуштуулары менен биргеликте изилдөө иштерин жүргүзгөн.
Гранттык негизде эл аралык долбоорлорго катышуу институттун жабдыктарын олуттуу жаңылоого, ал эми долбоордун катышуучуларына заманбап изилдөө ыкмаларын өздөштүрүүгө жана чет элдик илимий борборлордо стажировкадан өтүүгө мүмкүндүк берди.
Инновациялык ишмердүүлүккө жана чарбалык субъекттерге практикалык жана консультациялык жардам көрсөтүүгө чоң көңүл бурулууда.
Институттун кызматкерлери COVID-19 коронавирустук пандемия учурунда пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө активдүү катышты. Түштүк Кореядан келген гранттык каражаттардын эсебинен, баасы 2 млн 700 миң сомго жакын, MinON нанопоралык секвенаторун сатып алуу үчүн тендер жарыяланып, келишим түзүлдү. Учурда аппарат жеткирилүүдө. Нанопоралык секвенатор бактериялардын, вирустардын, жаныбарлардын ДНК/РНКсына генетикалык анализ жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында көз карандысыз изилдөө жана генетикалык анализ жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Институт «Кыргыз Жүн» (Кыргыз жүнү, Kyrgyz Wool) улуттук бирикмесин — фермерлердин жана дыйкандардын өздөрүнүн ассоциациясын түзгөн жана ал азыр иштеп жатат. Учурда жүн өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн бүткүл тизмегинин катышуучуларынын ортосундагы өз ара байланышты түзүү максатында кой чарбасы жана жүндү кайра иштетүү боюнча кесиптик чөйрө кызматкерлердин катышуусу, пункттары такталууда.
Toпс - жүндү жууп, кайра иштетүүдон кийин чыккан катаал продуктусу. Республиканын ичинде жана чет өлкөлөргө соодага чыга турган биринчи товар болушу мүмкүн.
КР УИАнын Биотехнология институту Франциянын биомедициналык изилдөөлөр институту менен биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүдө.
Жапайы флоранын эндемикалык, сейрек кездешүүчү жана экономикалык жактан баалуу түрлөрүнүн генетикалык банкын (www.plant-biotech.kg жана https://plant-biotech.tilda.ws/) - үрөн банкын, гербарийди, ДНК банкын жана ажыратылган орган культурасынын коллекцияларын ((hairy roots) толуктоо экспедициялары улантылууда.
Продукциянын (жылкынын эти жана сүтү) сапаттык көрсөткүчтөрү изилденген. Кыргыз породасынын сырткы көрсөткүчтөрүнүн стандарттары жана жаш малдын өсүшүнүн жана өнүгүшүнүн контролдук шкаласы иштелип чыккан. Кыргыз жылкыларынын генетикалык биоматериалын тоңдурулуп сактоосу жүргүзүлдү.