П.А. ГАН АТЫНДАГЫ ИЛИМИЙ-ӨНДҮРҮШ ТОКОЙ БОРБОРУ
Директору: б.и.к. Ражапбаев М.К.
Дареги: 720064, Бишкек ш., Дорожный пер., 15.
Байланыш телефондору:
📞: +996 312 678056, +996 312 679082,
+996 551 773833 (mob., WhatsApp) +996 777 542578 (mob.)
Fax: +996 312 679082
📧: institute@forest.kg, mrajapbaev@yandex.ru
Түзүлгөн жылы:
Карагай, арча, жаңгак, пихта жана жайылма токойлордун негизги токой түзүүчү түрлөрүнүн бардык зоналарында ботаникалык, географиялык, токойчулук жана экологиялык өзгөчөлүктөр, өсүү жана өнүгүүнүн спецификалык мыйзам ченемдүүлүктөрү, токойлордун жаштык структурасы, экологиялык факторлорго жараша дарак жана плантация биомассасынын динамикасы изилденет. Тарыхый жактан алганда Кыргызстанда токой илимин уюштуруунун салымы 1947-жылдан 1989-жылга чейин Токой тажрыйба станциясынын туруктуу директору жана Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын токой бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген белгилүү окумуштуу жана токойчу профессор П.А.Ганга таандык. Ал, анда узак мөөнөттүү стационардык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү мүмкүн кыла турган Кыргызстандын түндүгүнүн жана түштүгүнүн бардык токойлорунда токой тажрыйба чарбаларынын тармагы бар өз алдынча токой профилдик институтун түзүү зарылдыгын негиздеген.
1996-жылы П.А. Гандын наамы Токой чарба жана жаңгакчылык институтуна ыйгарылган. 2018-жылы КР УИАнын П.А. Ган атындагы Токой институту КР УИАны кайра уюштуруу учурунда КР УИАнын Биология институту менен бириктирилген.
Илимий изилдөлөрдүн негизги багыттары:
- Кыргызстандын токой өсүмдүктөрүнүн ресурстарын сактоо жана туруктуу пайдалануу;
- токойлордун түшүмдүүлүгүн жана көбөйүшүн жогорулатуунун экологиялык жана токой чарбалык негиздери;
- токой ресурстарына жана токой жерлерине экологиялык-экономикалык баа берүү;
- токойлорду калыбына келтирүү жана токой өстүрүүнүн ыкмалары;
- токойлорду илдеттерден жана зыянкечтерден коргоонун илимий негиздери.
Илимий лабораториялар:
-Токойчулук лабораториясы;
-Экме токойлор жана селекция лабораториясы;
-Экология жана токойду коргоо лабораториясы;
-Токой экосистемаларынын мониторинги лабораториясы.
Структуралык бөлүмдөр:
Ак-Суу токой тажрыйба станциясы (Ыссык-Көл областы),
“Сары- Булак” токой тажрыйба станциясы (Чүй областы),
“Кара-Ой” дендрологиялык паркы (Ыссык-Көл областы),
Бишкек шаарындагы дендрологиялык паркы.