Меню

A A
БИЙИК ТОО ФИЗИОЛОГИЯСЫ ЖАНА МЕДИЦИНАСЫ ИНСТИТУТУ

БИЙИК ТОО ФИЗИОЛОГИЯСЫ ЖАНА МЕДИЦИНАСЫ ИНСТИТУТУ

Директору: медицина илимдеринин доктору, профессор Джунусова Гульнар Султановна
Байланыштар:
📞:+996 (312) 44-74-12, 44-76-36, 44-73-18
🌐:http://www.igfim.kg
📧: iphysiol@naskr.kg , institutgfm@gmail.com
Дареги: 720048, Бишкек ш., Анкара көчөсү, 1/5

Түзүлгөн жылы:
Тоо физиологиясы жана медицинасы институту 1954-жылы, Илимдер академиясынын президенти академик И.К. Ахунбаевдин демилгеси боюнча түзүлгөн (1954-1967-жылдары - Аймактык медицина институту, 1967-2005-жылдары - Бийик тоолордун физиологиясы жана эксперименталдык патологиясы институту). КР УИАнын (06.12.2016-ж. № 01-75 "Илимий изилдөө мекемелерин кайра уюштуруу жөнүндө" буйругунун негизинде, 26.09.17-ж. № 01-66 өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен) КР УИАнын Тоо физиологиясы жана медицинасы институту түзүлгөн (Мамлекеттик каттоо жөнүндө 20.07.2017 ж. № 17468-3301-У-e күбөлүгү, сериясы ГПЮ No 0026469).
Кызматкерлердин саны: 30, анын ичинде: илимий кызматкерлер – 27: илимдин докторлору – 3, илимдин кандидаттары – 12.
 
Миссиясы: фундаменталдуу медициналык-физиологиялык изилдөөлөрдүн негизинде бийик тоолуу аймактарда жашаган жана иштеген калктын ден соолугун коргоо жана социалдык жактан коргоо чараларынын системасын түзүү. Профессионалдык тандоонун ыкмаларын жана жолдорун иштеп чыгуу, тоолордо адамдын туруктуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү идеясын жайылтуу жана ишке ашыруу.
 
Негизги изилдөө багыттары:
- адамдын бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашуусунун нейрофизиологиялык, иммунофизиологиялык жана психофизиологиялык механизмдери;
- ден соолугуна баа берүү жана тоодогу жана жагымсыз экологиялык шарттарда адамдын функционалдык абалын оптималдаштыруунун ыкмаларын жана жолдорун иштеп чыгуу;
- Республиканын тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүүнүн экофизиологиялык жана социалдык аспектилери
 
Институтта 3 илимий лаборатория жана окутуунун инновациялык методдору жана билимдерди берүү борбору бар:
- Нейрофизиология лабораториясы – лаборатория башчысы, м.и.д., профессор Джунусова Г.С.;
- Иммундук системанын физиологиясы лабораториясы – лаборатория башчысы, м.и.к., доцент Түмөнбаева Н.Б.;
- Физиология жана активдүүлүк психологиясы лабораториясы – лаборатория башчысы, м.и.д., Сатаркулова А.М.
- Окутуунун инновациялык усулдары жана билимдерди трансферт борбору – жетекчиси, м.и.д., Сорокин А.А.
 
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 25.04.2023-жылдагы № 221 “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелеринде илимий иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” токтомун, Билим берүү жана илим министрлигинин 17.05.2023-жылдагы № 2839/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттары менен мамлекеттик жогорку окуу жайларын интеграциялоо жөнүндө» буйругун ишке ашыруу максатында, КММА менен биргелешкен «Тоо медицинасы» кафедрасы түзүлдү (кафедра башчысы, ыктыярдуу негизде, медицина илимдеринин доктору, профессор Жунусова Г.С.).
 
Акыркы 10 жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы менен 15 монография, 2 окуу китеби, 1 окуу-усулдук колдонмо, 500 макала басылып чыгып, 5 автордук күбөлүк жана 6 патент алынган.