Меню

A A
ЖАҢЫ РЕКТОРДУ КУТТУКТОО

ЖАҢЫ РЕКТОРДУ КУТТУКТОО

Жылдыз Артыкова А.Мырсабеков атындагы Ош Мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору болуп дайындалып, бүгүн эмгек жамаатына тааныштырылды. Ал буга чейин ОшМУда проректор болуп иштеп туруп, ушул жылдын июль айынан баштап КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын математика институтунда “Топология жана функционалдык анализ” лабораториясында илимий кызматкер болуп иштеген. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы Жылдыз Артыкованы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору болуп дайындалышы менен куттуктап, жоопкерчиликтүү иштерине албан ийгиликтерди каалайт.

Сүрөттөр