Меню

A A
ФИЛОСОФИЯГА ТАЯНЫП ГАНА ИЛИМ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕТ

ФИЛОСОФИЯГА ТАЯНЫП ГАНА ИЛИМ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕТ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын академик А. Алтмышбаев атындагы Философия институту 30-октябрда «Философия жана социалдык-гуманитардык илимдерди өнүктүрүү концепциясы» долбоорун талкуулоо боюнча илимий-практикалык конференция өткөрөт.
Конференциянын максаты — философия жана социалдык-гуманитардык илимдердин учурдагы абалын изилдөө, окутуу жаатындагы негизги көйгөйлөрүн талкуулоо, аларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана концепциянын долбоорун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Кайдыгер карабаган адамдардын пикири жана сунуштары концепциянын долбоорун мазмундук жактан байытууга жана практикалык багытын тактоого өбөлгө түзөт.
Конференциянын алкагында Институт даярдаган окуу китептеринин чакан брифинг-бетачары да болот.
Конференцияга КР мамлекеттик катчысы Арслан Капай уулу, Илим, билим берүү жана инновация министри Гүлзат Исаматова жана академиктер, окумуштуулар чакырылган. Иш-чарада онго жакын окумуштуулардын баяндамалары окулат.
Конференция КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында 30-октябрда саат 10до башталат.
Каалоочулардын баарын чакырабыз