Меню
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ МЫЙЗАМДЫ ҮЧ ОКУУДА КАБЫЛ АЛДЫ
Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Илим жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорун Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова тааныштырды.
Анын максаты жана милдеттери илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук мониторинг аркылуу аныкталган кенемтелерди, карама-каршылыктарды четтетүү, илимий иштин жана илимий уюмдарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын финансылык автономиясын кеңейтүү, илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана илимий иш системасын реформалоо үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги №135 Жарлыгын ишке ашыруу болуп саналат.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын башкарууда ийкемдүүлүктү камсыз кылуу жана анын жетекчилигинин натыйжалуулугун жогорулатуу, УИАнын жетекчилигине ашыкча формалдуу чектөөлөрсүз кыйла компетенттүү адистерди тартуу үчүн укуктук негизди түзүү максатында иштелип чыккан.