Меню
АЙКЕЛ ТАШТЫН ДА НУРУ ТӨГҮЛҮП ТУРАТ
Бүгүн белгилүү скульптор, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Социалисттик эмгектин баатыры, Ленин сыйлыгынын лауреаты, СССРдин эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыковдун 90 жылдыгына арналган илимий конференция КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында болуп өттү.
Илимий иш-чараны Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору уюштурду. Анда академик Тургунбай Садыковдун чыгармачылык мурасын илимий жактан талдоо, анын кыргыз көркөм искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымын, улуттук маданий баалуулуктарды көркөм образдар аркылуу чагылдыруудагы өзгөчөлүгүн жана кыргыз элинин маданиятын эл аралык деңгээлде таанытуудагы тарыхый ордун ачып көрсөтүү максаты камтылды.
Иш-чарага КР Президентине караштуу УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев, вице-президенти Гульнара Ботоканова, академиктер Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, белгилүү композитор Муратбек Бегалиев, коомдук кишмер Досбол Нур уулу жана илимпоздор, анын окуучулары катышты.
“Көркөм маданиятка салым кошкон залкар айкелчи, белгилүү инсан Тургунбай Садыковдун 90 жылдыгы быйыл белгиленип жатат. Анын маданияттагы, билим берүүдөгү эмгеги зор. Бул кишинин эки эле сыйлыгын айтайын: Социалисттик эмгектин баатыры, Кыргыз эл баатыры. Башка сыйлыктары да абдан көп”, - деген Бекмамат Дженбаев сөздү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Капай уулуна берди.
“ХХ кылымда кыргыз маданияты менен адабияты, искусствосу абдан бийикке чыкты. Анын ичинде дүйнөгө белгилүү залкар айкелчи Тургунбай Садыков кыргыз скульптурасынын деңгээлин дүйнөлүк бийиктикке көтөрдү. Аянтка Манастын эстелигинин коюлушу учурунда ушунчалык чоң окуя болгон. Саякбай эстелигинин так өзүндөй болушу көрсө Тургунбай Садыкович аны менен көрүшүп, сүйлөшүп калган экен. Агайдын колунан Махмуд Кашгари менен Жусуп Баласагындын эстелиги жаралды. Кыргыздын өңү-түсүн ушунчалык окшоштуруп жасоо ар кимдин эле колунан келе бербейт”, - деди мамкатчы Арслан Капай уулу.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Миталип Мамытов мындай деди: “Тургунбай Садыкович, сиз асман абадай бийик, жер энедей ыйык, Ала Тоодой улуу, бакыйган сулуу адамсыз. Сиз Манастын, Чыңгыздын, Саякбайдын, Алманбеттин, Сагынбайдын айкелдерин колду оорутуп, белди жоорутуп тургуздуңуз. Ал кыргыз элине сиздин берген белегиңиз, көк асабадай желбиреп турган желегиңиз. Кыргыз адабиятында Чыңгыз Айтматов канчалык бийик болсо, кыргыз искусствосунда сиз ошончолук бийиксиз, кыргыз эли үчүн ыйыксыз. Тургунбай Садыковдун “Ансамбль революции” деген легендарлуу скульптурасы 1974-жылы Ленин сыйлыгына татыктуу болду. Ал кыргыз элине убагында эбегейсиз сыймык алып келген. Канчалык бийик болгон сайын бул кишиде өтө эле жөнөкөйлүк менен кичипейилдик, генийлик бар. Гениалдуу адамдын унчукпай отурганы да гениалдуу, сүйлөп койсо эки эсе гениалдуу”.
“Кыргызстанда биринчи жолу Лениндик сыйлыкты Чыңгыз Айтматов, экинчисин Тургунбай Садыков алган. Анда Лениндик сыйлыктын баа-баркы Нобель сыйлыгынан да ашып кеткен. Сиз көркөм өнөр жаатында Чуйков, Гапар Айтиевдин катарында турган кишисиз. Сиз жасаган Саякбай, Молдобасан залкарлардын эстелигине жан киргендей болуп, таштан нуру төгүлүп турат. Сиз жоктон бар кылып, куруп, түзүп келаткан адамсыз. Сиздин отурган имаратыңыз азыр улуттук музейге айланды. Сиз түзгөн академия кыргыздын эрмитажы болду. Андан канча жаштар шыктанып, жолун таап жатышат. Ташка жан киргизген улуу сүрөткер катары сизге таазим этебиз”, - деди академик Осмонакун Ибраимов.
Иш-чара абдан жылуу маанайда өттү.