Меню

A A
ИЛИМ — АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ

ИЛИМ — АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ

2026-жылдын 21-октябрында ОшМУ медицина факультетинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Аймактык бөлүмү тарабынан «Академиялык илим жана аймактын туруктуу өнүгүүсү: изилдөөлөрдөн практикалык чечимдерге» аттуу тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага ОшМУнун, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, академиялык институттардын окумуштуулары, бизнес жана өлкөнүн түштүк аймагындагы эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө түштүк аймактын илимий дараметине арналган мазмундуу докладдар жана баяндамалар жасалды. Изилдөөлөрдүн негизги багыттарын жаратылыш жана минералдык-чийки зат ресурстары, ден соолук жана экология маселелери, токой экосистемалары жана жаңгакчылык, энергетикалык ресурстар, геоэкологиялык тобокелдиктер түздү.
Өзгөчө көңүл илимий иштелмелерди практикада колдонуу маселелерине бурулду. Катышуучулар азыркы өнүгүү билим берүү, кадрларды даярдоо, илим, бизнес жана мамлекеттик органдардын өз ара тыгыз кызматташуусун, илимий иштелмелерди практикага активдүү киргизүүнү жана коммерциялаштырууну талап кыларын белгилешти.
Иш-чаранын жыйынтыгында 2027-жылга карата мындан аркы иштердин негизги багыттары аныкталды. Атап айтканда, жер көчкүлөрдү жана жаратылыш тобокелдиктерин мониторингдөө, геомаалыматтык системаларды (ГИС) өнүктүрүү жана маалымат алмашуу, суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу каралды.
Тегерек столдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Иш-чаранын алкагында илимий иштелмелердин көргөзмөсү да уюштурулуп, анда карталар, маалымат базалары жана тоо дарыяларынын энергетикалык дараметинин интерактивдүү моделдери көрсөтүлдү.
Мындай иш-чараларды өткөрүү илимий коомчулук, мамлекеттик органдар, билим берүү мекемелери жана бизнес ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, илимий иштелмелерди практикага киргизүүгө жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Сүрөттөр