Меню

A A
ИЛИМГЕ КЫЗЫГУУ – ЭРТЕҢКИ ИЛИМИЙ АЧЫЛЫШТЫН БАШАТЫ

ИЛИМГЕ КЫЗЫГУУ – ЭРТЕҢКИ ИЛИМИЙ АЧЫЛЫШТЫН БАШАТЫ

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында 3-5-ноябрда жогорку класстын окуучулары жана студенттери үчүн «ЧЕК АРАСЫЗ ИЛИМ: ТАЖРЫЙБА, УСТАТТЫК, КЕЛЕЧЕК аттуу илимий жолугушуу өткөрүлөт.
Иш-чаранын негизги максаты - жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттыруу, илимий изилдөөлөрдүн маанисин кеңири жайылтуу, окумуштуулар менен жаш муундун ортосундагы байланышты чыңдоо жана келечектеги изилдөөчүлөргө багыт берүү. Кыргызстандын жаш илимпоздору чет өлкөлөрдө эмгектенип, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан мекендеш окумуштуулар менен жолугушат. Алардын илимдеги жолу, кесиптик тажрыйбасы, илимий жетишкендиктери, эл аралык кызматташтыгы жана жаш изилдөөчүлөр үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышат. Жолугушууда табигый жана техникалык илимдер, физика, химия, биология, биотехнология, геология, робототехника, санариптик технологиялар жана жасалма интеллект багыттарындагы илимий изилдөөлөр тааныштырылат. Андан сырткары илимий баяндамалар окулуп, суроо-жооп сессиялары өткөрүлөт.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев, КР УИАнын вице-президенти Гульнара Ботоканова, Сэм Хьюстон мамлекеттик университетинин (АКШ) инженердик технологиялар кафедрасынын доценти жана инженердик долбоорлоо программасынын координатору Улан Дакеев, физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Ж.Жээнбаев атындагы Физика институтунун улук илимий кызматкери Бактияр Хайдаров, КР УИАнын Сейсмология институтунун окумуштуу катчысы Жибек Калысова, илимдин PhD доктору, Нидерланддын Эйндховен шаарындагы Thermo Fisher Scientific компаниясынын улук илимий кызматкери-иштеп чыгуучусу (Senior Software Scientist) Бектур Мурзалиев жана Кыргызстан ЖОЖдорунун студенттери, илимий институттардын жана чет өлкөлүк илимий мекемелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, тажрыйбалуу окумуштуулар, жаш изилдөөчүлөр катышат.
Бул жолугушуу жаштарга илим дүйнөсү менен жакындан таанышууга, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алууга, илимий чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрдү билүүгө жана келечектеги кесиптик багытын аныктоого шарт түзөт.
Катышуу үчүн алдын ала катталып, төмөнкү шилтеме аркылуу катталуу формасын толтуруу зарыл:
https://forms.cloud.microsoft/r/GWBzwZQjna
Электрондук почта: smunan@gmail.com
Байланыш телефону: +996 776 980 374
Бардык кызыкдар окуучуларды, студенттерди жана жаштарды илимий жолугушууга активдүү катышууга чакырабыз!