Меню
ВЕНГЕР ТИЛИНДЕ ИЗИЛДЕНГЕН СЕКЕТПАЙ, ТЕРМЕ, БЕШИК ЫРЛАРЫ
Бүгүн академияда КР УИАнын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору салттуу музыка күнүнө карата өзүнүн салтка айланган илимий-практикалык конференциясын өткөрдү.
Ага КР УИАнын президенти К.Абдрахматов, УИАнын вице-президенти Ч.Арабаев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Т.Ажымалиев, Венгриянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин Илим башкармалыгынын начальниги Т.Жабудаев, Венгриянын Искусство академиясынын профессору, искусство таануу илимдеринин доктору Янош Шипош, Казакстандагы Курмангазы атындагы Улуттук консерваториянын доценти Валерия Недлина жана музыка изилдөөчүлөр, окумуштуулар катышып, сөз сүйлөштү.
Көптөгөн илимпоздор салттуу музыкалык мурас жөнүндө илимий докладдарын окушту. Абдан бир оозго аларлык окуя болду. Венгриянын Искусство академиясынын профессору Янош Шипош 10 жыл мурда келип, кыргыз айылдарын кыдырып, эл оозунан терме, бешик, секетпай ырларын, кошокторду жыйнап кеткен. Аларды нотага салып, венгер тилинде иштеп чыккан. Аны англис тилине Юдит Поколи которсо, орус тилине Валерия Недлина которгон. Жазылып алынган кыргыз тексттерин расшифровкалап түрк тилине которгон Гүлзара Жумакунова болгон. Кыргыздын байыркы ырларын расшифровкалап, илимий жактан иштеп чыккан Роза Аманова болгон.
Янош Шипоштун кыргыз үчүн баалуу бул көлөмдүү китеби “Кыргызские народные песни” деген аталышта басылып чыгып, конференцияда бет ачары болду. Анын ичинде кыргыздын ооздон-оозго өтүп келген байыркы ырлары бар. Алар кыргыз тилинде. Китеп фольклор, искусство изилдөөчүлөр үчүн баалуу эмгек. Янош Шипош өзү да Кыргызстанга келип, конференцияга катышты.
Конференцияны искусство таануу илиминин доктору, УИАнын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Роза Аманова өзүнүн командасы менен жогорку деңгээлде уюштурду.