Меню
ИДЕЯЛАР, ИННОВАЦИЯЛАР, КЕЛЕЧЕК
Кечээ КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясына Жогорку технологиялар паркынын директорунун орун басары Чубак Темиров, Келечектин экосистемасы Департаментинен Жылдыз Искакова КР УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев менен кезигишип, сентябрь айында өтө турган «Science Tech – 2026: Идеялар. Инновациялар. Келечек» аттуу эл аралык
илимий-практикалык конференцияны биргеликте өткөрүү жөнүндө ойлорун ортого салышты.
2025-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейинки Өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук Программасы илимдин ролун күчөтүү, координацияны жакшыртуу, илимий жана инновациялык сектордун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды камтыйт.
Андыктан өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн илимий жана практикалык конференцияларды уюштуруу зарыл. Алдыда өтө турган эл аралык конференциянын негизги аспектиси - эл аралык, айрыкча Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген эксперттер менен актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү жолдорун биргелешип изилдөө, тажрыйба алмашуу үчүн платформа түзүү, илимий билимдерди жана технологиялык чечимдерди интеграциялоо жана биргелешкен өнүгүү стратегияларын иштеп чыгуу. Форумду КР Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы, КР Улуттук илимдер академиясы, “КР Эл аралык университети” мекемеси, «AI Academy» Жасалма интеллект академиясы, «Илимий коммуникациялар институту» автономдуу коммерциялык эмес уюму (ИНК), Туруктуу өнүгүү жана технологиялык лидерлик консорциуму уюштурат.