Меню

A A
КЫРГЫЗ ТИЛИНИН АЗЫРКЫ АБАЛЫ

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН АЗЫРКЫ АБАЛЫ

Бүгүн 25-июнда Улуттук илимдер академиясында “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: учурдагы абалы жана өркүндөтүү маселелери” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аны КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясы жана КР Президентине караштуу КР Улуттук илимдер академиясынын академик Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институту уюштурду.
Модератор катары КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев иштеди. Иш-чарага КР мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, КР Президентине караштуу УИАнын вице-президенти Гульнара Ботоканова, академик Сыртбай Мусаев, КР Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун директору Т.Абылкасымова жана тил жаатында эмгектенип жүргөн илимпоздор, адабиятчылар, журналисттер катышты.
”Сомолоп айтканда 86 жылдан бери жазуу эрежелери оңдолбой келатат. Орфография мыкты болуш үчүн алфавит мыкты болуш керек. Э тамгасында эле алты-жети эреже бар. Биринчи маселе – жазуу системасында алфавитти оңдош керек, экинчиси – жакшы алфавитке жараша жакшы орфографиялык эрежелерди иштеп чыгыш керек. 1939-жылдан баштап орусташтыруу күчөп, улуттук дөөлөттөргө терс таасири тийген. Анын эң күчтүүсү тилге болгон. Эми муну оңдойлу деп канча аракет кылдык, болбой келатышат. Бир пикирге келбей канчадан бери турабыз. Окумуштуу катары айтайын, кирилицадан кетпей жазуу эрежелерин оңдоп алалы деп бугүн талап кылынып жаткан маселелерди жасап жатабыз. Эртең өлкөбүз латын тамгасына өтөбүз деп калса ал даяр. Биздин алфавитти бөлөк түрк тилдүү элдер үлгү катары көрсөтүшөт. Анткени И.Арабаев менен К.Тыныстанов тилдин табиятын тушүнгөн адам катары биздин төл фонемаларыбызды белгилеп, 28 тамга жасашкан. Буга менин же тил институтунун тиешеси жок. Мен жаңы нерсе кошо албайм, жоготуп да коё албайм”, - деди академик Сыртбай Мусаев.
Иш-чарада чыгып сүйлөгөндөр “йоттошкон тамгаларды алуу керек, жок, көнүп калганбыз, албаш керек, э тамгасынан баш тартпайбыз, Элеман, эгемендик деген сөздөрдү кантип Елеман, егемендик деп жазабыз” деген пикирлерин айтышып, алгачкы жыйында талаш-тартыштар көп болду.
Кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча такталбаган маселелер абдан көп, тилчилер аларды иретке келтирүү аракетин жасашууда.

Сүрөттөр