Меню
БАЛЫК КАРМОО МОРАТОРИЙИН УЗАРТУУ КЕРЕК
КР УИАнын Биология институтунун ихтиология жана гидробиология лабораториясынын жетекчиси Шайгүл Асылбаевага жолугуп, жеринде учкай маалымат алдык.
- Айтсаңыз, Ысык-Көлдө балыктын канча түрү бар жана канчалык көбөйдү?
- 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балык кармоого тыюу салуу жөнүндө Жарлыгы чыгып, быйыл анын убактысы бүтүп жатат. Ысык-Көлдө форель балыгы Тоң балык чарбасында инкубациядан өткөрүлүп, жылына көлгө салынып турат. Ысык-Көлдүн чабагы да бар. Бул балыктар абдан азайып кеткенде Президенттин мораторийи абдан чон жардам болду. Азыр Ысык-Көлдөгү тонналаган торлорду чыгаруу, балыктарды кармоого тыюу салуу балыктардын бир кыйла өскөнүн шарттады. Аны спорттук жана ден соолук үчүн кайырмак менен балык кармаган адамдар айтышууда. Ушул жылдан ары мораторий улантылса балыктардын саны дагы көбөйөт эле. Ага сунуштаманы биздин Илимдер академиясы, Экотехинспекция, Ички иштер министрлиги бере алат. Ал боюнча жергиликтүү жамааттар да айта алышат. Ал эми суу сактагычтардагы балыктарды кармоого мораторий үч жылга деп былтыр салынган.
Ысык-Көлдө 23 түр балык бар. Алар эндемикалык жана уулоого жарай турган балыктар болуп бөлүнөт. Андан сырткары, сырттан келип кокустан түшүп калган балыктар бар, алар кадимки балыктардын икраларын жеп, зыян келтиришет.
- Сиздердин лаборатория азыр кандай иштерди жасап жатат?
- Балык чарбасын курабыз, балыктарды өстүрөбүз дегендерге жардам берип, балыктары ооруп калса, аныктамасын чыгарабыз. Биздин Биология институту эндемикалык жана уулоого жарай турган балыктардын санын көбөйтүү, көлдү тазалаганга жардам берүү, илимий иштерди жүргүзүү максатында долбоор жазып, Каржы министрлигинен каржылоо алып, Чолпон-Атадагы биологиялык станцияга цех салып жатабыз.