Меню
ЖЕТЕКЧИЛИК ОШТОГУ ЖАРАТЫЛЫШЫ БАЙЛЫКТАРЫ ИНСТИТУТУНДА
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти, УИАнын корреспондент-мүчөсү, б.и.д., профессор Бекмамат Дженбаев жана академиянын каржы-экономикалык башкармалыгынын жетекчиси Малабек Токтоболотов 25-июнда Ош шаарында жайгашкан УИАнын Түштүк бөлүмүнүн А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунда иш сапар менен болушту.
КР УИАнын президенти Б.М.Дженбаев институттун учурдагы илимий-изилдөө иш-аракеттери менен таанышып, жалпы жамааты менен маек курду. Ал илимий кызматкерлерге учурдагы илимий-изилдөөлөрдүн маанилүүлүгү, анын мамлекеттин өнүгүүсүнө тийгизген таасири, колдонмо илимдердин жыйынтыктарын өндүрүшкө киргизүү маанилүү экендигин белгиледи.
Б.М.Дженбаев жолугушууда каржылоо маселелерин чечүү жолдорун жолугушуунун катышуучулары менен талкуулады. УИАнын каржы-экономикалык башкармалыгынын жетекчиси М.А.Токтоболотов жолугушуунун катышуучуларына каржылоо, бөлүнгөн каражаттарды иштетүү маселелери жөнүндө маалымат берди.
Академиянын жетекчилиги институт кызматкерлеринин суроо-талаптарын угуп, аны чечүү жолдорун талкуулашты. Жыйындын аягында жалпы жамаатка илимий-изилдөө иштеринде ийгиликтерди каалашты.