Меню
УЯҢ ЖҮНДҮҮ КОЙЛОРДУ КӨБӨЙТКӨН
Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги, белгилүү советтик окумуштуу, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз ССР илимине эмгек сиңирген ишмер Михаил Николаевич Лущихиндин 120 жылдыгына арналган «Кыргыз элине арнайм!» аттуу илимий-практикалык конференциясы өтүүдө.
Россиянын Руза шаарында туулуп, Москва зоотехникалык институтун бүтүрүп, академик М.Ф.Иванов менен “Аскания Нова” чарбасында иштеп, тажрыйба топтогон. 1935-жылдан баштап Кыргызстанда иштей баштаган.
Михаил Лущихиндин негизги иши биология жана мал чарбачылыгына арналган. Ал кыргыз уяң жүндүү койлорду чыгарган. Тоого ылайык уяң жүндүү койлордун теориялык негизин иштеп чыккан. Ал зооветеринардык институтунда (азыркы К.И.Скрябин атындагы кыргыз улуттук айыл чарба университети) зоотехникалык жана агрономикалык факультеттеринин деканы, окуу жана илимий иштер боюнча директордун орун басары болгон. 1944-жылдан 1953-жылга чейин институттун директору болуп, кийин өмүрүнүн аягына чейин жеке зоотехника кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Лущихидин демилгеси менен Кыргызстанга уяң жүндүү асыл тукум койлор алып келинип, жергиликтүү жүнү жылчык койлор менен аргындаштыруу болгон.
Лущихин ыр жазып, сүрөт тарткан. Студенти Чыңгыз Айтматов анын ырларына баа берсе, Лущихин Айтматовдун жазуучулук шыгына таасир эткен. Таластын Кара-Буу районундагы асыл-тукум заводуна, Бишкектин бир көчөсүнө М.Лущихиндин ысымы ыйгарылган.
Бүгүн М.Лущихиндин 120 жылдыгына карата илимий-практикалык конференцияда КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев, УИАнын директору, академик Асанкадыр Жунушов жана кой чарбасынын директорлору, мал чарбасы боюнча адистер, илимпоздор сүйлөшүп, анын эмгегине зор баа беришти. Конференциянын аягында резолюция кабыл алынды.