Меню

A A
РОЗА АМАНОВАГА ВЕНГРИЯ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫГЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

РОЗА АМАНОВАГА ВЕНГРИЯ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫГЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Бүгүн, 20-апрелде А.Осмонов атындагы улуттук китепканада жакшы жаңылык болду. КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илим-изилдөө борборунун директору, искусство таануу илиминин доктору, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти Роза Аманова Венгриянын «Эмгек сиңиргендиги үчүн» Рыцардык крест ордени менен сыйланды. Венгрия Республикасынын Президентинин сыйлык берүү жөнүндөгү буйругу 2026-жылдын 15-мартында чыккан. Аны Венгриянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги тапшырып, жылуу куттуктады.
Иш-чарага Азербайжандын жана Казакстандын элчилери, акын-жазуучулар, маданий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.
«Бул жалпы кыргыз эли үчүн мажар элинин кыргыз элине көрсөткөн сый-урматы. Мындан ары да түбү бирге эки өлкөнүн өнүгө беришине тилектештигибизди билдиребиз», - деди алгачкы сөздү сүйлөгөн КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов.
«Венгриянын мамлекеттик рыцардык ордени кыргыз элинин көрүнүктүү кыздарынын бири Роза Амановага берилип жатканын кызуу куттуктайм. Илимдер академиясында салттуу музыканын илим катары изилденип жатышы академимяны музыкага жакындатты. Бул жакшы көрүнүш. Сизге мындан аркы ишиңизге ийгиликтерди каалайм», - деди КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов.
«Биздин элди терең тарыхый тамыр бириктирет. Роза Аманованын аракети менен Венгриядагы искусство академиясы менен келишим түзүлгөн. Анын уюштуруусу жана чакыруусу менен Кыргызстанда өткөн салттуу музыка фестивалына Венгриянын белгилүү музыканттары келип, өнөрлөрүн тартуулашкан. Биз ырчы жана салттуу музыканы изилдөөчү Роза Аманованы эмгекчил, өз эли үчүн күйгөн инсан катары билебиз. Мындан аркы чыгармачылыгына ийгиликтерди каалайбыз», - деди Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги.
«Мага Рыцардык крест орденинин берилиши кыргыз-мажар элдеринин терең руханий жакындыгын билдирет. 20 жылдан берки кызматташтыгыбыз салттуу музыканы изилдөө чегине алып келди. Мындан ары да эки элди музыка аркылуу бириктирүү максатында иштей беребиз деп ойлойм. Куттук айткан бардык санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем», - деди Роза Аманова.

Сүрөттөр