Меню
БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРЛОРУНУН ТАРМАГЫН ТҮЗҮҮ
17-апрелде аспиранттар жана жаш окумуштуулар үчүн стажировкаларды уюштуруу максатында КМШга мүчө мамлекеттердин илимий мекемелеринде билим берүү борборлорунун тармагын түзүү боюнча Координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү.
Жыйын видеоконференция байланыш аркылуу өткөрүлдү. Ага Россия, Беларусь, Казакстан жана Тажикстандын өкүлдөрү катышты.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
Аспиранттар жана жаш окумуштуулар үчүн стажировкаларды уюштуруу боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин илимий мекемелериндеги билим берүү борборлорунун тармагы жөнүндө жобону бекитүү;
Тармактын Секретариатын дайындоо (ар бир КМШ өлкөсүнөн жооптуу адамдарды аныктоо);
Тармакты уюштуруу жана анын мындан аркы ишмердүүлүгү боюнча сунуштарды кароо;
Тармактын расмий сайтынын пилоттук версиясын көрсөтүү;
Расмий сайттын иштешин камсыз кылуу механизмин аныктоо;
Сайттын мазмунун түзүү жана туруктуу жаңыртып туруу маселелери, анын ичинде ар бир КМШ өлкөсү тарабынан сунушталган билим берүү программалары жана стажировкалар жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу.