Меню

A A
БАТКЕНДЕ КОНФЕРЕНЦИЯ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

БАТКЕНДЕ КОНФЕРЕНЦИЯ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ


КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмү,
Медициналык жана биологиялык көйгөйлөрдү изилдөө институту,
А.С. Джаманбаев атындагы жаратылыш байлыктары институту,
Жалал-Абад илимий борбору
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Баткен институту
16-апрелде «Илим, практика жана инновациялар — туруктуу өнүгүүнүн негизги булагы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүштү. Аталган иш-чара КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун, 2018-жылдын 31-октябрындагы № ПЖ-221 «2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыгынын алкагында өтүп, өзгөчө мааниге ээ болду.
Конференциянын жүрүшүндө илим, практика жана инновациянын өз ара интеграциясы аркылуу туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун теориялык жана прикладдык аспектилери комплекстүү талкууланды. Катышуучулар тарабынан сунушталган илимий баяндамалар заманбап чакырыктарга жооп берген актуалдуу изилдөөлөргө негизделип, экономикалык, социалдык жана технологиялык трансформациялардын шартында туруктуу өнүгүүнүн моделдерин өркүндөтүүгө багытталды.
Конференция илимий жыйынтыктарды апробациялоо, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу жана дисциплиналар аралык кызматташууну чыңдоо үчүн натыйжалуу аянтча болду.
Жакынкы чет өлкөлөрдөн келген окумуштуулар менен адистер өз тажрыйбалары жана илимий изилдөөлөрү менен бөлүшүп, кызыктуу баяндамаларды жасашты. Айрыкча, практикалык сунуштар жана заманбап инновациялык чечимдер чоң таасир калтырды.
Конференция илим менен практиканын байланышын бекемдөөдө, улуттук стратегиялык максаттарды ишке ашырууда маанилүү интеллектуалдык жана коммуникациялык платформа катары жогорку деңгээлде өттү.