Меню

A A
КИТЕП МАДАНИЯТЫНЫН ФИЛОСОФИЯСЫ

КИТЕП МАДАНИЯТЫНЫН ФИЛОСОФИЯСЫ

21-22-апрелде Москвада “Россияда китеп маданиятынын философиясы: көйгөйлөрү жана келечеги” аталышында эл аралык илимий конференция башталды.
Конференциянын негизги темалары:
1. Философия китептеринин мүмкүнчүлүгү кандай?
2. Китептер автор менен окурмандардын ортосундагы ортомчу катары
3. Китеп интернет эпохасында: өлүм же кайра жаралуу?
4. Китеп сүйлөшүү каражаты системасында
5. Китеп жана архив: тарыхый эс-тутум көйгөйү
жана башка көптөгөн темаларды ичине камтыйт.
Конференция Россия илимдер академиясынын Философия институту жана КР УИАнын Философия институту тарабынан уюштурулган. Конференция Россия илимдер академиясынын философия институтунда өтүп жатат. Ага КР Улуттук илимдер академиясынын Философия институтунун илимий кызматкерлери да катышууда.