Меню

A A
ГРУЗИЯНЫН ДА КЫРГЫЗСТАНДАН ҮЙРӨНӨ ТУРГАНЫ БАР

ГРУЗИЯНЫН ДА КЫРГЫЗСТАНДАН ҮЙРӨНӨ ТУРГАНЫ БАР

Бүгүн Улуттук илимдер академиясына Грузиянын Экономика жана туруктуу өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инновация жана технология агенттигинин» (GITA) өкүлдөрү - GITAнын төрагасынын орун басары Торнике Джобава мырза, Эл аралык мамилелер жана стратегиялык пландаштыруу департаментинин башчысы Нино Таганашвили айым жана Эл аралык мамилелер жана стратегиялык пландаштыруу департаментинин координатору Кетеван Вадачкория айымдар Кыргызстандын санариптештирүү жана инновация жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүү үчүн ар кандай кыргыз агенттиктери жана уюмдары менен жолугушууларды өткөрүү үчүн келишкен.
Алар алгач Улуттук илимдер академиясына зыярат кылышты. Меймандарды УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов тосуп алып, илимдер академиясынын жасап жаткан иштери жөнүндө айтып, кеңири баарлашты.
Бүгүгн, эртең алар Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине, Жогорку технологиялар паркына, “Бир миллион программисттер” борборуна, Орто Азия инновациялык хабына жана кыргыз прикладдык технологиялар институтуна барышат.

Сүрөттөр