Меню

A A
ТҮРК ДҮЙНӨСҮНДӨ АЯЛДАРДЫН ОРДУ ӨЗГӨЧӨ

ТҮРК ДҮЙНӨСҮНДӨ АЯЛДАРДЫН ОРДУ ӨЗГӨЧӨ

2026-жылдын 30–31-октябрында Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) XIII саммитинин алкагында «Түрк дүйнөсүндө дипломатиядагы аялдар» форуму болуп өттү.
Форумдун жүрүшүндө аялдардын мамлекеттик башкарууга, саясатка, илимге, санариптештирүүгө жана экологиялык трансформацияга активдүү катышуусу, мамлекеттер аралык диалогду кеңейтүү жана гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды. Форум Түркия Президентинин Администрациясынын Коммуникация боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Кыргызстандын атынан талкууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Гульнара Ботоканова жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлү Кожогулова катышты.
Өз сөзүндө Гульнара Ботоканова кыргыз аялзатынын коомдук турмушка активдүү катышуусу, урмат-сыйга бөлөнүшү кыргыз элинин тарыхый жана руханий мурасында, жалпы түрк цивилизациясында маанилүү орунду ээлей турганын белгиледи. Ал илим, билим берүү жана инновациялар тармагында биргелешкен изилдөө долбоорлорун өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу боюнча демилге көтөрдү.
Катышуучулар аялдардын илимде, билим берүүдө, дипломатияда жана коомдук иштерде мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн түрк мамлекеттеринин күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.

Сүрөттөр