Меню

A A
ЧОЛПОН-АТА  - ДҮЙНӨ ТААНЫГАН ШААР

ЧОЛПОН-АТА - ДҮЙНӨ ТААНЫГАН ШААР

30-октябрда Чолпон-Ата шаарындагы резиденцияда Чолпон-Ата шаарынын 50 жылдыгына карата "ЧОЛПОН-АТА - ДҮЙНӨ ТААНЫГАН ШААР" аталышында илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Ага КР Жогорку Кеңешинин экс депутаты, КР атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рысбек Качкеев, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Бакашова, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору Турусбек Маразыков, химия илимдеринин доктору, профессор Асылкан Жуманазарова, филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Орозобекова жана Чолпон-Ата шаарынын абалына, келечегине кайдыгер карабаган көптөгөн илимпоздор, журналисттер катышты. Чолпон-Ата шаарынын бай мурасына кызыккан, анын тарыхын, топонимикасын, экологиясын, экономикасын, Ысык-Көлдүн белгилүү илимпоздорун, инсандарын, манасчыларын изилдеген
окумуштуулар илимий баалуу докладдарын окушту. Конференциянын модератору Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы Элдияр Молдобеков болду. Конференцияда суроолорго жооптор берилип, кызыктуу талкуу уланды.
Илимпоздор Чоң-Сары-Ой айылынын тоо этегинде жайгашкан Чолпон ата олуянын күмбөзүнө барып, ага багыштап Куран окушту. Чоң күмбөздү 15 жылдай мурун коомдук ишмер Рысбек Качкеев өз каражатына курдурган экен.
Конференциянын аягында резолюция кабыл алынды. Ысык-Көлдүн азыркы абалына, экологиясына, туризм маселелерине, келечегине күйүп-бышкан окумуштуулардын кошумча омоктуу ойлору, сунуш-пикирлери резолюцияга киргизилди.
Толукталган резолюцияны Чолпон-Ата шаардык кеңеши атайын кеңешме өткөрүп, 31 депутаты менен карап чыкмай болду

Сүрөттөр