Меню
БИЙИК ОЙЛОРДУ ОЙЛОНУУ ЗАРЫЛ
Бүгүн, 2-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын мектеп мугалимдерине, мектеп директорлоруна уюштурулган бир жумалык окутуу курсу жыйынтыкталды. Бул мамлекеттик уюмдардын кызматкерлерин окутуп жаткан онунчу топ болду.
Курстун максаты – кыргыздын уңгужолун терең түшүндүрүү, мугалимдердин насааткердик жөндөмдөрүн өнүктүрүү, алган билимдерин өздөрү иштеген мекемелерде жайылтуу. Курсту окуган мектеп директорлору жана мугалимдер онго жакын илимдин докторлорунан жана коомдук ишмерлерден аң-сезимди калыптандыруу, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, уңгужолдун негизги идеяларын коомчулукка түшүндүрүү боюнча практикалык билимдерге ээ болушуп, алган билимдери боюнча сертификаттарды алышты.
Бул иш-чарага катышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Капай уулу бардык тармак – искусство, адабият, кино, билим берүү, курулуш, кыскасы бардыгы дүйнөлүк бийиктиктерге умтулушу керектигин айтып, 60 мугалимге сертификаттарды тапшырды.