Меню
ТАШКЕНТТЕ ИЛИМИЙ КЕҢЕШТИН АЙМАКТЫК КООРДИНАЦИЯЛЫК БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
Өткөн жумада Ташкент шаарында Борбордук Азия жана Закавказье үчүн Эл аралык илимий кеңештин (ISK) Аймактык координациялык борборунун расмий ачылышы болуп өттү. Ташкент шаарында өткөн InnoWeek-2026 эл аралык инновациялык жумалыгынын алкагында болду. Иш-чарага КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын башкы илимий катчысы Айнура Адиева катышты.
Анда аймактык илимдин артыкчылыктуу багыттары жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн окумуштууларынын дүйнөлүк илимий иш-чараларга катышуусун кеңейтүү маселелери талкууланды.
Өзбекстан Илимдер академиясынын базасында иш алып барган бул борбор мындан ары аймактагы илимий мекемелер менен ISKтин ортосунда биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу, диалог жүргүзүү жана өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн бирдиктүү аянтча катары кызмат кылат.
КР УИАнын Ташкент шаарында өткөн иш-чараларга катышуусун аймактык деңгээлде кыргыз илиминин жетектөөчү позицияларын сактап калуу үчүн ийгиликтүү жана өз убагындагы кадам катары баалоого болот.