Меню

A A
ОКУМУШТУУЛАРДЫН ИЛИМИЙ АЧЫЛЫШТАРЫ

ОКУМУШТУУЛАРДЫН ИЛИМИЙ АЧЫЛЫШТАРЫ

Кыргызстандын окумуштууларынын илимий ачылыштары менен тааныштырууну улантабыз
2. ТОО ТЕКТЕРИНИН БУЗУЛУУ МЫЙЗАМ ЧЕНЕМДҮҮЛҮКТӨРҮ ЖАНА ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨРДҮН МЕХАНИЗМДЕРИН ИЗИЛДӨӨ
Техника илимдеринин доктору, профессор, академик И.Т.Айтматов жана техника илимдеринин доктору, профессор К.Т.Тажибаев «Өзгөрмөлүү шартта белгиси бар тоо тектеринин бузулуу кубулушу» (2000) аттуу эмгеги аркылуу Жер жөнүндөгү илимдердин өнүгүшүнө олуттуу салым кошушкан.
Изилдөө тоо тектеринин бузулушунун физикалык мыйзам ченемдүүлүктөрүнө, тектоникалык таасирлердин өзгөчөлүктөрүнө жана жер титирөөлөрдүн келип чыгышына байланышкан процесстердин механизмдерине арналган.
Бул кубулуштарды изилдөө жер кыртышынын мүнөзүн түшүнүүдө, сейсмикалык тобокелдиктерди баалоодо жана тоо массивдеринин абалын байкоо ыкмаларын өркүндөтүүдө чоң мааниге ээ.
Бул илимий багыттын практикалык мааниси - кооптуу геологиялык процесстерди изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө жана табигый кырсыктардын кесепеттерин алдын алуу боюнча натыйжалуу ыкмаларды иштеп чыгууда турат.