Меню

A A
АДАМ, ЖАНЫБАР, АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШТА

АДАМ, ЖАНЫБАР, АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШТА

3–5-ноябрда Бишкек жана Ош шаарларында боло турган «Борбордук Азиянын бирдиктүү ден соолугу: илим, билим берүү жана калктын саламаттыгы, азык-түлүк коопсуздугу жана туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүк» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштады.
Иш-чара бүгүнкү эл аралык «Бирдиктүү ден соолук» күнүнө арналды жана гибриддик форматта – КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында, Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетте, К.Скрябин атындагы кыргыз мамлекеттик агрардык университетте жана ОшМУда өткөрүлөт.
Конференциянын негизги темасы – адамдын, жаныбарлардын ден соолугу менен айлана-чөйрөнүн өз ара байланышы. Программада суунун жана абанын сапаты, азык-түлүк коопсуздугу, оорулардын алдын алуу жана экосистемалардын туруктуулугуна байланышкан маселелер каралат.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, каржы институттары, бизнес чөйрөсү жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Сүрөттөр