Меню

A A
АЛТЫМЫШЕВ ИЗИЛДЕГЕН ДАРЫ ӨСҮМДҮКТӨР

АЛТЫМЫШЕВ ИЗИЛДЕГЕН ДАРЫ ӨСҮМДҮКТӨР

Медицина илимдеринин доктору (1968), профессор (1970), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги, илим жана техника тармагында Кыргыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970) Алтымышев Арстанбек Алыбаевич 5-майда 96 жашка чыкмак. 1930-жылы туулган илимпоз 2000-жылы 70 жаш курагында кайтыш болгон.
Арстанбек Алтымышев алкалоиддер тобундагы фармакология боюнча мыкты адис болгон. Анын 190дон ашык илимий эмгектери, анын ичинде 14 монография, 20 ойлоп табуусу жарыяланган. Анын жетекчилиги астында 20 кандидаттык диссертация корголгон.
Ал Кыргызстандагы дары өсүмдүктөрдөн дары препараттарын чыгарган. Арстанбек Алтымышев Жылдыздар шаарчасында космостук программада иштеп, космонавттардын чыдамкайлыгын жогорулатуу үчүн препарат иштеп чыккан. Космонавттарга жасаган эмгеги үчүн кийин А.Алтымышев С.П.Королев медалы менен сыйланган.
Ал курамында 20 түр дары чөптөрү бар атактуу “Арашан” бальзамын жасаган. Кыргызстандагы дары өсүмдүктөрдү бир системага салып, энциклопедия жазып чыккан. Анын “Табигый дары каражаттары”, “Кыргызстандын дары байлыктары” китептери көп суралып, кайра-кайра басылган.
Андан сырткары, “Жугуштуу оорулардан кантип сактануу керек?”, “Алкалоиддер тобунун фармакологиясы - фенантрединдин туундулары (ликорин, дигеррин, тацеттан, галактин”, “Адамдын анатомиясынын атласы”, “Дары-дармек байлыктары” китептери басылган.
КР УИАнын Химия институтунда көп жылдар иштеген белгилүү инсан Арстанбек Алтымышев чыгарган дарылар, бальзамдар азыр да эл арасында чоң талап менен сатылып келет. Биз ал кишинин чыгарган дарыларын билүү үчүн Химия институтунун илимий кызматкери Шавкат Хабибрахмановго кайрылдык.
“Алтымышев чыгарган дарылар – мисалы, ликорин кезинде көп талап кылынган. Арча жана чычырканак майларын Алтымышев дагы эки киши менен чыгарды. Андан кийин гиппофиол, армажан, бейкут дарыларын, карагайдан бальзам чыгарышкан”, - деди ал.
Биз кыргыз илимпоздорунун эмгектерин дайыма сыйлап, аны улантышыбыз керек.