Меню

A A
КУТТУКТАЙБЫЗ!

КУТТУКТАЙБЫЗ!

Кыргыз Республикасына караштуу
КР Улуттук илимдер академиясынын
окумуштуулар жана кызматкерлер жамаатына

Урматтуу коллегалар жана кызматкерлер жамааты!
Алдыдагы келе жаткан май айындагы үчилтик майрамдарыңыздар менен Сиздерди чын жүрөктөн куттуктайбыз!
1-май – бүткүл дүйнөлүк эмгекчилердин тилектештигинин күнү – элибиздин аң-сезиминде эч убакта унутулбай турган тарыхий окуя болуп саналат. Ошондуктан, бул күндү майрам катары белгилөө – биздин улуттук менталитетибизге терең сиңип калган салт болуп калды!
5-май – биздин Башмыйзамыбыз – КР Конституциясы бекиген тарыхий күн катары, мамлекеттүүлүктүн негизин түзгөн жана Кыргызстандын эларалык аброюн бийик көтөргөн башкы баалуулук! Өлкөбүздүн Баш мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгын белгилөөдө, Конституциябыз масштабдуу стратегиялык программаларды ишке ашырууда биздин негизги таянычыбыз жана саясий укуктук база болуп кызмат кылууда!
Конституциянын укуктук күчү менен “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолдун руханий адеп-ахлактык кубаты бириккенде гана биз чыныгы өнүгүүгө жетебиз!
Ал эми 9-май – баатыр аталарыбыз менен кайратман энелерибиздин күн-түн дебей Жеңиш үчүн, келечектеги төрөлө элек биз үчүн кан-жанын аябай болуп көрбөгөндөй эрдик менен белгиленген ыйык дата! Дүйнөдөгү ар кандай терс пропаганда кылган күчтөр Улуу Жеңишти дагы өздөрүнө ыйгаргысы келип, тарыхты бурмалоого зор аракеттерин токтотпой жатканда, биздин окумуштуулар жамааты эс-акылдуулук жана системалуу көз караштар менен ар кандай идеологиялык чабуулдарга аргументтүү сокку урууга милдеттүү!
Урматтуу кесиптештер!
Илимдеги жетишилген бир катар ийгиликтерди арттыра бериңиздер, үй-бүлөлүк бакубат жашоо менен катар, жашоодо аман-эсен болуңуздар!
УИАнын илимпоздорунун жетишкен ийгиликтери дүйнөлүк илимий коомчулукта бийик бааларга ээ болушун каалайбыз!
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу КР Улуттук академиясынын президенти, корреспондент-мүчө,
сейсмология илимдеринин доктору АБДРАХМАТОВ К.Е.
УИАнын вице-президенти, академик,
юридикалык илимдердин доктору АРАБАЕВ Ч.И.
УИАнын башкы окумуштуу катчысы, корреспондент-мүчө,
биология илимдеринин доктору ХУДАЙБЕРГЕНОВА Б.М.