Меню

A A
ЯНОШ ШИПОШ – АРДАКТУУ ДОКТОР

ЯНОШ ШИПОШ – АРДАКТУУ ДОКТОР

25-апрелде КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын кезектеги президиумунда Венгриянын Искусство академиясынын профессору, искусство таануу илимдеринин доктору Янош Шипошко Улуттук илимдер академиясынын ардактуу доктору наамы берилди.
Ал көп жылдар кыргыз айылдарын кыдырып, эл оозунан терме, бешик, секетпай ырларын, кошокторду жыйнап, венгер тилинде чыгарып, нотага салган. Кыргыз ырларынан мажардын байыркы ырларынын окшоштугу табылган. Шипоштун бул эмгеги англис, орус, кыргыз тилдерине которулган.
Академиянын ардактуу доктору наамын КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы Бермет Худайбергенова тапшырды.

Сүрөттөр