Меню
ТАЙЫЗДОО ЖАНА БУЛГАНУУ. ЫСЫК-КӨЛ ЭКОЛОГИЯЛЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА ТУРУШТУК БЕРЕ АЛАБЫ?
Акыркы жылдары экологдор, окумуштуулар, активисттер жана жөнөкөй жарандар Ысык-Көлдүн өзүн-өзү тазалоо жөндөмү мурдагыдай иштебей калганын, жакын арада Кыргызстандын бермети болгон көл таштандыга жана балырларга толгон сазга айланып кетиши мүмкүн экенин улам-улам айтып келишет.
Адистер көлдү кыйнап жаткан ар кандай экологиялык көйгөйлөрдү белгилешет. Алардын эң негизгиси — көлдүн тайыздап баратышы.
Ысык-Көл 14 метрге төмөндөдү
КР УИАнын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун алдындагы Тянь-Шань эл аралык илимий борборунун (ТШМНЦ) жетекчиси Рысбек Сатылканов Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Туруктуу өнүгүү кеңешинин жыйынына катышты. Өзүнүн докладында ал көлдүн деңгээлинин мониторингин, кооптуу маалыматтарды айтып, аны сактап калуу жолдорун сунуштады.
Ал белгилегендей, Ысык-Көлдүн көйгөйлөрүн өзүнчө дарыя, мөңгү, жайыт жана токойлорунан бөлүп кароого мүмкүн эмес. Ысык-Көл баары бири-бири менен байланышкан, жабык системадагы ойдуң жер.
Илимпоздордун маалыматтарына ылайык, көлдүн деңгээли акыркы 13 миң жыл ичинде бир нече жолу өзгөргөн. Бирок төмөндөө процесси XIX кылымдын ортосунан башталган.
• 1849-жылы Россия географиялык коомунун отчетунда көлдүн деңгээли деңиз деңгээлинен 1620 метр болгон. Ал кезде көл агып турган — суусу Чүй дарыясына кетчү.
• 1856-жылы Петр Семёнов-Тянь-Шанский келгенде көл ага чейин эле агышын токтотуп, сыртка агып чыкпай калган.
• Бүгүнкү күндө көлдүн жазгы деңгээли болжол менен 1606 метрди түзөт. Башкача айтканда, 170 жылдан ашык убакытта көл 14 метрге төмөндөгөн.
2008-жылдан бери Тянь-Шань эл аралык илимий борбор (ТШМНЦ) француз кесиптештери LEGOS лабораториясынын окумуштуулары менен спутниктик альтиметрия жана жердеги станциялар аркылуу көлдүн деңгээлин Балыкчы шаарында жана Кара-Булуң аралчасында байкап келет.
Акыркы жылдардагы маалыматтар кооптуу тенденцияны көрсөтүүдө:
1. 2011–2025-жылдар аралыгында көлдүн деңгээли 91 сантиметрге түшкөн (жылына орто эсеп менен 6,5 см).
2. 2020–2025-жылдар аралыгында жылдык төмөндөө 7,4 смге чейин ылдамдаган.
«Көлдүн деңгээлинин төмөндөшү суунун бетиндеги аянтынын кыскарышына алып келет. 1854-жылдан бери акваториянын аянты 6800дөн 6200 чарчы чакырымга чейин азайган. 600 чарчы чакырымдык суунун жоголушу жергиликтүү суу айлануусун бузат: бууланган нымдын көлөмү азаят, бул ойдуңдун тоо этектериндеги жана токойлуу аймактарындагы жаан-чачындын кыскарышына алып келет. Жергиликтүү жаан-чачындын болжол менен 40 пайызы дал ушул Ысык-Көлдүн бетинен бууланган нымдан түзүлөт», — деди окумуштуу.
Көл эмне үчүн азайып бараткандыгын ал мындайча түшүндүрдү:
• Чүй дарыясынын агымынын токтошу;
• Глобалдык жылуулуктан улам буулануунун күчөшү;
• Дарыялардан суунун айыл чарба үчүн ашыкча алынуусу.
Борбор Азиялык Жерди колдонмо изилдөө институтунун (ЦАИИЗ) теңтөрагасы Болот Молдобеков белгилегендей, көлдүн эң төмөнкү деңгээли 1998-жылы катталган. Анын айтымында, азыркы көрсөткүчтөр ошол деңгээлден жогору болгону менен, төмөндөө тенденциясы сакталууда.
«Биз Чатыр-Көлдү да байкап жатабыз. Ал жерде да деңгээлдин түшүшү катталууда, бирок ал минималдуу – болжол менен 3 сантиметр. Демек, бул эки көлдү салыштырып көрсөк, Ысык-Көлгө жөн гана буулануу эмес, антропогендик фактор да таасир этерин айтууга болот», – деди окумуштуу.
Ысык-Көлгө канча дарыя куят?
Бул суроо талаштуу бойдон калууда. 2024-жылы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мурда Ысык-Көлгө 101 дарыя куюп келгенин, бирок 2024-жылга карата алардын болгону 56сы гана сакталып калганын, жай мезгилинде бул көрсөткүч 30га чейин түшөрүн билдирген.
Суу ресурстары кызматынын акыркы маалыматына ылайык, 2023-жылдагы мониторингдин жыйынтыгында көлгө 97 дарыя куйган. Бирок сугат маалында алардын 60тан ашыгы көлгө жетпей калат. Дарыялардын болжол менен 30 пайызы таптакыр кургап калган. Жыл бою көлгө негизинен ири – Жыргалан, Түп, Каракол, Кызыл-Суу дарыялары куят, бирок акыркы жылдары алардын суусунун көлөмү да азайган. Жалпысынан, кайсы дарыялар мурда Ысык-Көлгө куюп келген жана азыр канчасы куюп жаткандыгы боюнча так маалыматты «Кыргызгидромет» мекемеси бериши керек. Бирок айрым окумуштуулар мамлекеттик органдардын билдирген маалыматтарынын тактыгына шек санашууда, себеби, эски 17 метеостанциянын ичинен көл ойдуңунда болгону 5и гана калган, ал эми дарыялардагы гидропосттордун саны эки эсе кыскарган.
Рысбек Сатылканов маалымдагандай, КР Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту келерки жылы Ысык-Көл бассейнинин суу-энергетикалык ресурстарын баалоону пландап жатат. Бул изилдөө аркылуу ойдуңда канча суу бар экендигин так аныктоого мүмкүнчүлүк жаралат. Ал кошумчалагандай, дарыялардын гидрологиялык режими боюнча маалыматтар көп учурда ар түрдүү болуп калат, анткени суунун көлөмү жылдын нымдуулугуна же кургакчылыгына жараша өзгөрөт.
Борбор Азиялык Жерди колдонмо изилдөө институтунун (ЦАИИЗ) теңтөрагасы Болот Молдобеков да бүгүн көптөгөн дарыялар көлгө жетпей калганын белгиледи. Бул көрүнүш климаттын өзгөрүшү менен гана эмес, адам фактору менен да байланыштуу – дыйкандар сууну сугатка буруп кетишүүдө. «Эски бетон лоток системалары бузулган, сууну кадимки арыктар менен айдашат. Мындай учурда жоготуулар 40 пайызга чейин жетип, суу топуракка сиңип кетүүдө», – деди Молдобеков.
Эки окумуштуу тең көл деңгээлинин түшүшүн толук токтотуу мүмкүн эместигин, анткени бул климаттык процесстерге байланыштуу экенин белгилешти. Бирок адамдар антропогендик факторду жөнгө салуу аркылуу бул процессти жайлатышы мүмкүн. Биринчи кезекте «жапайы» сугаруудан баш тартып, чачыратып сугаруу ыкмасын колдонуу зарыл.
«Ысык-Көл облусундагы башкы артыкчылык катары дыйкандарды чачыратып сугаруучу агрегаттар менен камсыз кылуу керек. Бул сууну натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт. Жакында Ысык-Көл суу чарба департаментинин жетекчилери менен жолугушууда алар быйыл чачыратып сугаруучу агрегаттарды колдонуучу сугат аянттарын 20 миң гектарга жеткирүүнү пландап жатышканын айтышты. Тилекке каршы, бул өтө аз. Ысык-Көл облусунда муну менен 160 миң гектардан ашык аянтты камтуу зарыл. Алар дагы каналдарды курууну пландап жатышат, бирок арыктардан топуракка сиңген суу бир нече жылдан кийин жер астындагы жол менен көлгө кайра келет. Каналдар да керек, бирок башкы артыкчылык – сугарууга аз суу колдонуу керек», – деп эсептейт Рысбек Сатылканов.
Көлдүн экосистемасы да өзгөрүп жатат
Экологдордун айтымында, Ысык-Көлдүн сууларында балырлардын пайда болушу дагы олуттуу көйгөй болуп эсептелет. Гляциолог Гүлбара Оморова пансионаттардын биринин жээгинен жипчелүү балырларды жана микробдук өсүмдүктөрдү тапкан. Бул көрүнүш жээк экосистемасындагы өзгөрүүлөрдүн алгачкы визуалдык сигналы экенин белгилеген.
«Жээктеги суу жогорку биологиялык активдүүлүк абалында турат. Мындай чөйрөдө балырлар тез өсөт, химиялык баланс өзгөрөт, ансыз да алсыз экосистема тышкы антропогендик таасирлерге көбүрөөк сезимтал болуп калат», — деп жазды Гүлбара Оморова.
Бул көйгөй тууралуу көп жылдан бери көлдүн өзгөрүшүн байкап жүргөн биология илимдеринин кандидаты Нурзат Тотубаева да айтып келет. Ал өткөн жылы Ысык-Көл өзүнүн ультра-олиготрофтук, башкача айтканда ультра-таза статусунан мезотрофтук абалына жылып кеткенин белгилеген.
Ал көлгө айрыкча фосфор сыяктуу элементтер түшүп, балырлардын өсүшүнө шарт түзөөрүн, ага себеп айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө колдонулган жер семирткичтер болуп жатканын, жээктеги буфердик зоналарды 500 метрге чейин кеңейтип, бул аймактарда айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тыюу салуу керектигин сунуштаган.
Башка экологдор да көлдүн пластик менен булганышына, тазалоочу курулмалардын жоктугуна, жээктеги өсүмдүктөрдүн жок кылынганына көңүл бурушат. Акыркы жылдары суучулдар көлдүн түбүнөн тонналаган таштандыларды жана балык уулоочу торлорду чыгарып жатышат. Булардын баары көлгө ар кандай деңгээлде терс таасир этип келген.
Көл көп адамдардын көзөмөлсүз агымына чыдабай турганын, азыр жээкти өздөштүрүү башаламан жана тартипсиз жүрүп жатканын Болот Молдобеков билдирди.
“Көлдүн биосферасы өзүн-өзү тазалоо жөндөмүнө ээ, бирок ал чексиз эмес жана мындай көлөмдөгү калдыктарды физикалык жактан көтөрө албайт. Эгерде бардык пансионаттарда заманбап тазалоочу курулмалар болсо да, тазалоо кыйын, азыр андай деле жок. Венгрияда Балатон деген көл бар, ал да жабык көл. Ошол көл туристтердин көп келишинен улам катуу булганып, 20 жылга жабылган. Ал сасык сазга айланып кеткен. Биз да ушул көрүнүштү кайталоо коркунучуна туш болуп калбайлы”, — деди окумуштуу.
Ал Ысык-Көлгө жылына канча адам эс алса болоорун эсептеп чыгып, ошол маалыматтардын негизинде жаңы эрежелерди же чектөөлөрдү киргизүү зарыл экенин белгиледи. Азырынча мындай эсептөөлөр жок.
Бийлик бул маселени жашырбай, бардык трибуналардан Кыргызстандын берметин сактоо жана өлкөнүн экологиясын коргоо зарылдыгын айта башташты. Өткөн жылы 2030-жылга чейин Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү концепциясы кабыл алынган. Бирок окумуштуулар максаттар белгиленгени менен, аларды ишке ашырууга каржылоо каралбаганын баса белгилешет.
Мамлекет окумуштууларга комплекстүү баалоо жүргүзүү боюнча так тапшырма берип, аны каржылоо менен камсыз кылышы керек. Ошондо гана чечимдер чиновниктердин божомолдоруна эмес, так маалыматтарга таянып кабыл алынат. Табигый чөйрөнүн мыйзамченемдүүлүктөрүн билип, түшүнгөндө гана көлдү сактап калуу боюнча туура сунуштарды иштеп чыгууга болот. Анткени, Ысык-Көл түбөлүк табияттын белеги болуп тура бербей турганын көрүп жатабыз, демек шашылыш чараларды көрүү зарыл.