Меню

A A
ДИАЛОГДУК ПЛАТФОРМА ТҮЗҮҮ ДЕМИЛГЕСИ КОЛДОО ТАПТЫ

ДИАЛОГДУК ПЛАТФОРМА ТҮЗҮҮ ДЕМИЛГЕСИ КОЛДОО ТАПТЫ

2026-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук илимдер академияларынын жана фундаменталдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн башка жогорку илимий мекемелердин жетекчилеринин Диалогдук платформасын түзүү демилгесин талкуулоого арналган видеоконференция болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын демилгеси менен ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук илимдер академияларынын жана фундаменталдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн башка ыйгарым укуктуу уюмдарынын жетекчилеринин ортосунда эксперттик өз ара кызматташуунун ыктыярдуу механизмин түзүү сунушталды.
Видеоконференциянын ишине жалпы 22 адам катышты. Алардын катарында КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев, УИАнын вице-президенти Гүлнара Ботоканова, башкы окумуштуу катчы Айнура Адиева, Мамлекет жана укук институтунун директору Т. Шаболотов, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бактыгүл Каламбекова, Беларусь Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун төрагасынын орун басары Александр Труханов, Иран Ислам Республикасынын Илим министрлигинин өкүлү, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Индиянын, Пакистандын жана Кытайдын илимдер академияларынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү жана башка катышуучулар болушту.
Видеоконференциянын жүрүшүндө катышуучулар КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президентинин программалык баяндамасын угушуп, сунушталып жаткан демилгенин презентациясы менен таанышышты. Андан соң өткөн талкууда Беларусь Республикасы, Иран Ислам Республикасы жана Казакстан Республикасынын өкүлдөрү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган концепциянын жана жобонун долбоорлорун кылдат изилдеп чыгышканын белгилешип, демилге өзүнүн актуалдуулугу менен айырмаланып, ШКУнун духуна толук жооп берерин баса белгилешти.
Катышуучулар сунушталып жаткан платформанын алкагында мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, аны түзүү демилгесинт колдоорун жана бул маселени ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын алдыдагы саммитинин күн тартибине киргизүүнү максатка ылайыктуу деп эсептешерин билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин Беларусь, Казакстан жана Өзбекстандын улуттук илимдер академиялары аталган демилгени колдой тургандыгын жазуу жүзүндө билдиришкен.
Ошентип, илимдер академияларынын Диалогдук платформаны түзүүгө макулдугу жетишилди деп айтууга болот жана кыргыз тарап көтөргөн демилге кеңири колдоого ээ болду.

Сүрөттөр