Меню

A A
УСТАВГА ТОЛУКТООЛОР КИРДИ

УСТАВГА ТОЛУКТООЛОР КИРДИ

Бүгүн, 7-июлда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында жаңы жетекчилик келгенден кийинки кезектеги президиум болуп өттү. Анда негизинен ушул жылдын башында бекиген УИАнын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча маселе көтөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президенти 2026-жылдын 6-апрелинде №135 «Илимий ишмердүүлүктү реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.
Аталган документке ылайык, Улуттук илимдер академиясына, тармактык мамлекеттик органдарга жана жогорку окуу жайларга караштуу илимий жана илимий-техникалык уюмдарга финансылык автономия укугу берилет.
Жарлык илимий мекемелерге, жогорку окуу жайларга жана КР Улуттук илимдер академиясына илимий-изилдөө, коммерциялык, билим берүү, консультациялык жана басма ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелерди өз алдынча тескөөгө, инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк берет.
Мына ушул Жарлыкты эске алуу менен Уставга көптөгөн толуктоолор киргизилди. Ар бир илимий институт өзүнүн изилдөөлөрүнөн, консалтинг, басма иши жана имаратын арендага берүүдөн киреше таба алат. Бюджеттен сырткары кирген кирешелерин ошол мекеме өзү иштетет. Ушундай жагымдуу беренелерден кийин президиумга катышкан көпчүлүк академиктер, президиум мүчөлөрү толуктоолорду бир добуштан колдошту.
Негизинен президиум жылуу маанайда өтүп, бардык маселелер бир добуштан кабыл алынды.

Сүрөттөр