Меню

A A
ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР БЕШ БАГЫТ БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨ ЖҮРГҮЗҮШӨТ

ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР БЕШ БАГЫТ БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨ ЖҮРГҮЗҮШӨТ

Эки күн мурда Чолпон-Ата шаарындагы Президенттик «Акылман» лицейинде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын Эл аралык илимий-билим берүү лагери (SCO Young Scientists Camp 2026) салтанаттуу түрдө ачылды.
Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, лагерь Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген жаш окумуштууларды, мектеп окуучуларын, профессорлорду, илимий жетекчилерди жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.
Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Женбаев катышты.
Улан Маматканов Кыргызстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн биринчи Эл аралык илимий-билим берүү лагеринин өткөрүлүшү тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи.
«Илимдин чек арасы жок. Мындай Эл аралык илимий-билим берүү лагеринин Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатышы өлкөбүз үчүн маанилүү окуя. Биздин максат – жаш окумуштууларды бир аянтчага бириктирип, алардын илимий кызматташтыгын кеңейтүүгө жана жаңы биргелешкен демилгелерди колдоого шарт түзүү», – деди ал.
Лагердин жүрүшүндө катышуучулар беш илимий багыт боюнча изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Алар: экологиялык химия, биомедицина, кайра жаралуучу энергетика, суу робототехникасы жана астроинформатика.
Биргелешкен иштин жыйынтыгында лагердин жаш окумуштууларынын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжасы катары 14 илимий макала даярдоо пландалууда.



Сүрөттөр