Меню

A A
ЖАЙКЫ ЖАЛПЫ ЖЫЙЫН ЖАКШЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ЖАЙКЫ ЖАЛПЫ ЖЫЙЫН ЖАКШЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Бүгүн академияда жалпы жыйналыш болуп, ага академиктер, жалпы илимпоздор катышты. Алгач КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев сөз сүйлөп, айрым институттардын алмашкан директорлорун тааныштырып, алар баштаган долбоорлор жөнүндө айтты.
Андан соң УИАнын вице-президенти Гульнара Ботоканова жыйналыштын негизги маселеси болгон Уставга токтолуп, киргизилип жаткан толуктоолор жана өзгөртүүлөр боюнча кеңири түшүндүрүп берди. УИАнын Уставына киргизилген толуктоолор Кыргыз Республикасынын Президенти чыгарган “Илимий ишмердүүлүктү реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкты эске алуу менен илим тармагынын өз алдынча акча табуусуна кенен жол ачат.
Жаңы иштелип чыккан Уставдын долбоорун баары колдошту. Чыгып сүйлөгөн илимпоздор негизинен оң баасын беришип, бир-эки беренеге өзгөртүү киргизүү керектигин сунушташты. Андан соң президиумдун жаңы курамы окулду. Андагы тизмеге баары бир добуштан макул болушту.
Жалпы жыйын жакшы жыйынтыкталды.

Сүрөттөр