Меню
ТҮНДҮК-БАТЫШ УНИВЕРСИТЕТИНЕН ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ
Бугүн Илимдер академиясына КЭРдин Шэньси провинциясынын Сиань шаарында жайгашкан Түндүк-Батыш университетинин жетектөөчү адистери келишти. Алар: Лу Шаньбин — Түндүк-Батыш университетинин Жибек Жолу боюнча изилдөөлөр институтунун директору, Ли Ган — Түндүк-Батыш университетинин Кыргызстанды изилдөө борборунун директору, Си Хуэйдун — Түндүк-Батыш университетинин Аймактык жана өлкөлөрдү изилдөө институтунун директорунун орун басары ж.б.
Меймандарды КР УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев жылуу тосуп алып, академиянын жаңы курамын тааныштырды.
Андан соң кытай делегациясынын жетекчиси негизги багыттары археология, геология, Жибек Жолун изилдөо экенин айтып, көптөгөн долбоорлорду бирге ишке ашырууга кол сунду. Алар ушул тапта Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча Кытайдын күчтүү командасы сууларды, мөңгүнү, абанын булганышын, тарыхын, маданиятын, терроризмге каршы багыттарын изилдеп жатышканын айтты. КР УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев УИАнын биологдору бул темир жолдун тегерегиндеги кызыл китепке кирген куштарды жана жаныбарларды изилдеп, аларды көчүрүү боюнча иштерди аткарып жатышканын, жаратылыштын өзүн сактап калууга аракет кылуу керектигин айтты. Кытай тарап биргелешкен лабораторияларды салуу боюнча жардам берээрин билдирди.
Түндүк-Батыш университети Кытайдагы эң эски жана абройлуу мамлекеттик илимий-изилдөө университеттеринин бири. Анын тарыхы 1902-жылдан башталат, ал эми азыркы аталышын 1912-жылы алган. Түндүк-Батыш университети билим берүү, илим жана инфраструктураны өнүктүрүү багыттарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып келатат. Алардын катарында Бишкек шаарындагы № 95 орто мектепке колдоо көрсөтүү, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында заманбап лаборатория түзүү, күн энергетикасына байланышкан долбоорлор боюнча демилгелери бар.