Меню

A A
САЛТТУУ ӨНӨР ҮЙРӨТҮҮ, АТКАРУУ АРКЫЛУУ САКТАЛАТ

САЛТТУУ ӨНӨР ҮЙРӨТҮҮ, АТКАРУУ АРКЫЛУУ САКТАЛАТ

Өткөн жумада Чолпон-Ата шаарындагы Ч. Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Көчмөндөр санаты» салттуу музыка эл аралык фестивалы болуп өттү.
Фестивалдын программасында илимий-интеллектуалдык багыт өзгөчө орунду ээледи. «Дүйнөдөгү көчмөн элдердин маданий мурасы: сактоо, изилдөө жана өнүктүрүү» эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышкан окумуштуулар жана эксперттер маданий мурастын көп түрдүүлүгүн сактоо, маданияттар аралык диалогду бекемдөө жана салттуу мурастын жандуу түрдө кийинки муундарга өтүшүн камсыз кылуу үчүн эл аралык илимий жана кесиптик кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүүгө чакырык жасашты.
«Дүйнөдөгү көчмөн элдердин маданий мурасы: сактоо, изилдөө жана өнүктүрүү» конференциясы 3–4-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Көчмөн цивилизациялар: мурас, парадигмалар жана келечек» эл аралык илимий-практикалык конференциясынын №3 секциясы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык борборунда өтүп, катышуучулар офлайн жана онлайн форматта кыргыз, орус жана англис тилдеринде баяндамаларын сунуштап, илимий талкууларды жүргүзүштү. №3 секциянын катышуучулары Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борборунда өткөн «Көчмөн цивилизациялар: мурас, парадигмалар жана келечек» эл аралык илимий-практикалык конференциясынын пленардык жыйынына катышты. Конференция ар кайсы өлкөлөрдүн илимий жана кесиптик коомчулугунда чоң кызыгуу жаратты. Конференциянын ишине 23 өлкөдөн 43 окумуштуу катышты. Тандоонун жыйынтыгында 20 окумуштуу өз баяндамаларын аралыктан жасашты.
Илимий талкууларга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын, Түркиянын, Улуу Британиянын, Словениянын, АКШнын, Канаданын, Жаңы Зеландиянын, Кытайдын, Индиянын, Пакистандын, Япониянын, Монголиянын, Грециянын, Италиянын, Венгриянын, Гананын, Түштүк Африканын, Шри-Ланканын, Россиянын, Франциянын жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары, адистери катышты.
Конференцияда заманбап шартта көчмөн элдердин салттуу музыкасын, эпикалык, айтуучулук өнөрүн, музыкалык аспаптарын, кол өнөрчүлүгүн, оозеки салттарын жана маданий мурастын башка түрлөрүн сактоо, изилдөө жана өнүктүрүү маселелери кеңири талкууланды.
Негизги темалардын бири «устат–шакирт» системасы — билимди, чыгармачылык тажрыйбаны жана аткаруучулук чеберчиликти устаттан шакиртке өткөрүүнүн салттуу формасы болду. Катышуучулар маданий мурасты музейлерде, китептерде жана архивдерде сактоо менен чектелүүгө болбой турганын белгилешти. Салттуу өнөр өзүнүн жандуулугун билим, тажрыйба жана чеберчилик өнөр менен кошо үйрөтүү, практика, аткаруучулук жана чыгармачылык аркылуу өткөргөндө сакталат.


Сүрөттөр