Меню
КЕРЕГЕ КЕҢЕШ КӨП МАСЕЛЕНИ КОЗГОДУ
Бугүн, 19-октябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында академиянын коомдук илимдер бөлүмү уюштурган “Кыргыз мамлеккеттүулугунун өнугүшунүн конституциялык негиздери” аталышында кереге кеңеш болуп өтту. Ал Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана илимий-инновациялык өнугүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын аткаруу жана Кыргыз Республикасында илимди өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки концепциясын ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.
Кеңештин журүшүндө экономика, мамлекет жана укук, философия, тарых, тил, адабият, салттуу маданият жана искусство багыттары боюнча баяндамалар угулду.
Алгачкы сөздү КР УИАнын вице-президенти Гульнара Ботоканова алып, мындай деди: “Улуттук илимдер академиясында коомдук-гуманитардык илимдер территориялык, улуттук мааниге ээ. Биздеги 5 институт жана 1 борбор кыргыздардын, Кыргызстандын мамлекеттик, маданий, этникалык иденттүүлүгүн коргоп, сактап калуучу институттар. Социалдык-гуманитардык илимдер мамлекеттин узак мөөнөттөгү өнүгүүсүнө абдан чоң таасирин тийгизет.
Гуманитардык изилдөөлөргө IT-технологияларды жана заманбап ыкмаларды киргизүүнү, тарыхый архивдерди жана жазма илимий фонддорду санарип форматына өткөрүүнү, жалпы маданий мурастардын бирдиктүү санариптик платформаларын түзүүнү максат кылышыбыз керек. Кыргызстандагы медиа, киноиндустрия, дизайн жана туризм тармагын өнүктүрүү үчүн гуманитардык илимдердин (тил илими, тарых, философия, маданияттануу) базалык маданий контентин түзүүнү колго алуу зарыл. Концепция-2040 алкагында илимий кадрларды модернизациялоо боюнча кадамдар азыр жасалышы керек. Улуттук илимдер академиясында күчтүү, уникалдуу чоң кадр капиталы бар. Биз жаш окумуштууларга түшүнүктүү экономикалык жана карьердик тепкичтерди түзүшүбүз өтө зарыл”.
“Коомдук илимдер болбосо мамлекеттин өнүгүүсү эч качан болбойт. Өнүккөн өлкөлөрдүн баары биринчи кезекте тилге өзгөчө мамиле кылып, сый-урматта карашат. Компьютерге тапшырманы тил салат. Тил аркылуу эмне жазылса, жасалма интеллект ошону аткарат. Биз эң алды менен кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүшүбүз керек. Эгерде санариптештирүүнү колго ала турган болсок, академиянын базасында атайын компьютердик улуттук корпустун бир бөлүмү ачылышы керек. Аны академия ачпаса, башка эч ким ачпайт. Анткени бул илимий маселе. Улуттук корпусту түзүү КР Президентинин, МинКаб төрагасынын долбоору. Бир жылдан бери биз ушул боюнча иштеп келатабыз. Сиздерге да кыргыз тилине өзгөчө мамиле жасоону каалайм”, - деди УИАнын академиги Сыртбай Мусаев.
Кыргызстандын азыркы экономикалык абалы кандай? Аны илимий далилдер менен мисалга тарткан КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, экономика илимдеринин доктору Жумабек Джаилов мындай деди: “2022-жылдан бери Кыргызстандын экономикасы дүйнөдөгү эң жогорку жана туруктуу өсүү темпин көрсөтүүдө. ЕАЭБ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында бул көрсөткүч боюнча сап башында турабыз.
2022-2025-жылдар аралыгында ИДПнын орточо жылдык өсүшү 10,5%ды түздү. Аталган динамика жөн гана сакталып калбастан жылдан жылга күчөп жатат. 2026-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча республиканын экономикалык өсүшүнүн темпи 11,0%ды түздү. Экономикалык өсүштүн жогорку жана туруктуу темптери улуттук экономиканын жүрүп жаткан трансформациясынын алгачкы натыйжаларынын бири деп айтууга болот. Мамлекеттик бюджеттин кирешелери 3,2 эсеге өсүп, профицити дээрлик 4 эсеге көбөйдү.
ИДПга карата жалпы мамлекеттик карыз 55,7%дан 39,4%га, ал эми тышкы карыз 46,4%дан 23,6%га төмөндөдү. Мамлекеттик карыздын түзүмүндө да оң динамика байкалып, ички карыздын үлүшү 16,5%дан 40,0%га чейин өстү.
Каржылоонун ички булактары да чыңдалууда: негизги капиталга ички инвестициялар 1,4 млрд доллардан 4,3 млрд долларга (3,0 эсеге) көбөйдү. Азыркы тапта ички инвестициялар түз чет өлкөлүк инвестициялардан 3,5 эсеге ашат. Бул экономиканын тышкы факторлорго көз карандылыгын жана тиешелүү тобокелдиктерди азайтат.
Ички инвестициялардын түзүмүндө мамлекеттик бюджеттик каражаттардын үлүшү 3,9 пайыздан 24,1 пайызга чейин өстү. Анын абсолюттук көлөмү 6,2 млрд сомдон 101,7 млрд сомго жетип, туруктуу экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүүдө жана экономиканы жаңы багытта трансформациялоодо мамлекеттин ролу күчөп жатканын айгинелейт, - деди Жумабек Джаилов”.
Ал эми философия илимдеринин доктору, КР УИАнын философия институтунун директору Нур Саралаев буга токтолду: “Мамлекет убагында коомдук илимдерди идеология катары пайдаланган. Союз тараганда коомдук илимдер каралбай калды. Биз азыр коомдук илимдерди идеология катары пайдалантууга аракет кылып жатабыз. Бирок бугүнкү анын абалы, шарты мүмкүндүк бере алабы? Андыктан бүгүн эң актуалдуу маселе – жасалма интеллект. Биз бул боюнча чогуу иштешибиз керек деп ойлойм”.
Кереге кеңештин модератору, КР УИАнын академиги Абдылдажан Акматалиев адабияттагы көйгөйлүу маселени көтөрдү: “Ар бир райондун, колоттун адамдарын баатыр кылып, тарыхый романдарды жазуу күчөп баратат. Аларды окуп, баалаган же сындаган эч ким жок. Көркөмдүк чындык менен турмуштук чындыкты айырмалай албай жатышат. Ушул боюнча 5-6 жылдан бери айтып келатам. Тарыхый чыгармаларга баа берели. Чыгармаларды талдоону үч деңгээлге ажыратып кароо талап кылынат:
1. Тарыхый деңгээл. Чыгармада кайсы доор, кандай саясий окуялар жана коомдук мамилелер чагылдырылган?
2. Идеялык-философиялык денгээл. Автор мамлекет жана эл, эркиндик жана адилеттүүлүк боюнча кандай көз карашты сунуштайт?
3. Көркөм деңгээл. Идеялар, каармандардын образдары, сюжет, конфликт кандай берилет?
Ушул маселеде адабий чоң талкуулар керек”, - деди академик А.Акматалиев.
Кереге кеңештин баяндамалары аяктаганда суроолорго жооптор берилип, талкуулар уланды. Академиянын вице-президенти Гульнара Ботоканова бюджеттик каражаттарды пайдалуу иштетүү жана академиянын илимий журналынын импакт-факторун жогорулатуу боюнча маселелерди көтөрдү.