Меню

A A
КЫРГЫЗСТАН ОКУМУШТУУЛАРЫНЫН ИЛИМИЙ АЧЫЛЫШТАРЫ

КЫРГЫЗСТАН ОКУМУШТУУЛАРЫНЫН ИЛИМИЙ АЧЫЛЫШТАРЫ

Илим — прогресстин кыймылдаткыч күчү, коомдун интеллектуалдык өнүгүүсүнүн негизи жана курчап турган дүйнөнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн таанып-билүүнүн маанилүү куралы. Илимий жетишкендиктер мамлекеттин өнүгүү деңгээлин гана эмес, анын элинин интеллектуалдык дараметин, окумуштуулардын муундардан-муундарга уланып келе жаткан илимий салтын жана жаңы билимдерге болгон умтулуусун чагылдырат.
Кыргызстандын окумуштуулары жаратылыштын фундаменталдык мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөгө, геологиялык жана физикалык процесстерди иликтөөгө, математикалык теорияларды өнүктүрүүгө, адамдын илимий дүйнөтаанымын терең түшүнүүгө, коом менен технологиялардын өз ара байланышы боюнча актуалдуу суроолорго жооп издөөгө өз салымдарын кошуп келишет.
Бүгүнтөн тартып Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын илимий ачылыштарын жарыялоону баштайбыз.
Биздин максат — кыргызстандык окумуштуулардын жетишкендиктерин жалпы коомчулукка кеңири таанытуу, өлкөнүн илимий мурасын сактоо жана ата мекендик илимдин келечек муундар үчүн маанисин белгилөө.
1. УРАН-234 ЖАНА УРАН-238 ИЗОТОПТОРУНУН ТАБИГЫЙ БӨЛҮНҮҮ КУБУЛУШУ (1975-жыл)
Академик П. И. Чалов
Профессор В. В. Чердынцев |
Академик П. И.Чалов жана профессор В. В. Чердынцев уран-234 жана уран-238дин өзүнөн-өзү бөлүнүү кубулушун изилдеп, аны аныкташкан. Бул эмгек жаратылыш шарттарында радиоактивдүү катардагы изотоптордун бөлүнүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөгө жана уран чийки затын издөөдө аныкталган радиоактивдүү аномалияларды чечмелөөнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга өбөлгө түзгөн.
Айрыкча уран-234түн ашыкча топтолушу менен мүнөздөлгөн тең салмактуу эмес уранды изилдөө өзгөчө мааниге ээ болгон. Алынган натыйжалар океандагы процесстерди изилдөөдө геологиялык убакытты аныктоонун жаңы ыкмасынын негизин түзгөн.
Изилдөөнүн бул багыты геологияда жана геохронологияда радиоизотоптук ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жаратылыштагы процесстерди жана Жердин тарыхын тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзгөн.

Сүрөттөр