Меню
ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ БЕЛГИЛҮҮ ИММУНОЛОГ КАНЧЫРБЕК СОБУРОВДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛДЫ
Бүгүн КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында УИАнын Бийик тоо физиологиясы жана медицина институту тарабынан уюштурулган “Адамдын жана жаныбарлардын иммундук системасынын физиологиясы: фундаменталдык жана колдонмо аспектилер” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Конференция биология илимдеринин доктору, профессор, илимге эмгеги сиңген ишмер Канчырбек Собуровдун 75 жылдык жаркын элесине арналды.
Кезинде Канчырбек Алгасиевич Собуров Кыргыз иммунологдор, аллергологдор илимий коомунун президенти, КМШ өлкөлөрүнүн иммунологдор илимий коомунун мүчөсү, кандидаттык жана доктордук диссертацияларды коргоо боюнча кеңештин мүчөсү болгон. Анын илимий эмгектери алыскы Америка, Япония, Бангкок жана жакынкы чет өлкөлөрдө жарыяланган. Анын методикалык сунуштарынын жыйынтыктары клиникалык практика катары Союздук республикалардын 50дөн ашык медициналык мекемелерине киргизилген. Ал 214 илимий эмгек жазган.
Конференцияга анын илимий эмгектерин уланткан окуучулары - илимдин докторлору жана кандидаттары, жубайы, уул-кыздары, туугандары келишип, анын адамдык асыл ариетин эскеришти. УИАнын академиги, И.Ахунбаев атындагы КММАнын микробиология жана иммунология кафедрасынын башчысы Доктурбек Адамбеков, коомдук ишмер Роза Акназарова, УИАнын Бийик тоо физиологиясы жана медицина институтунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Гульнар Джунусова, институттун иммундук система физиологиясынын лаборатория башчысы Насира Тюменбаева жана көптөгөн илимпоздор адамдын жана жаныбарлардын иммундук системасы, организмге тоо шартынын тийгизген таасири жаатында докладдарды окушту.
Түштөн кийин Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жашоочулардын ден соолугунун абалы тууралуу тегерек стол өтөт. Анда УИАнын академиги, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Асанкадыр Жунушов баштаган окумуштуулар сөз сүйлөшөт