Меню

“МАНАС” ЭПОСУ ТҮРК ТИЛИНДЕ ЧЫКТЫ
Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манас” эпосунун түрк тилинде чыккан 3 томдугунун бет ачары Улуттук илимдер академиясында болуп өттү. Бул жагымдуу иш-чарага КР Президентинин кеңешчиси, КР эл жазуучусу Чолпонбек Абыкеев, Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, Кыргыз Республикасынын Баатыры Алиясбек Алымкулов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан, “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу, кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков жана илимпоздор катышты.
Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов модераторлук кылып, келген меймандарга сөз берди.
КР Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев кыргызды кыргыз кылып даңазалай турган “Манас” эпосунун түрк тилинде чыгып, турк тилдүу окурмандарга жайылышына салым кошуп жаткандыгы үчүн түрк боордошторго рахмат айтып, китептин баш сөзүн КР Президенти Садыр Жапаров жазганын, ал китептин чыгышына сүйүнгөндүгүн билдирди. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мустафа Өкем “Манас” жалпы түрк элдеринин казынасы экенин, Кыргызстанда кыргыз-түрк “Манас” университетин бүтүргөн 30 миңдей бүтүрүүчү Манастын урпагы экенин айтса, университеттин ректору Алпаслан Жейлан “Манастагы” 40 чоро азыркы түрк элдеринин ынтымагын чыңдай турган идея экенин айтты. Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов ар бир кыргызда, өзгөчө жетекчилерде “Манас” жашаш керектигин билдирди.
Китептин түрк тилине которулуп чыгышына түздөн-түз киришип, эмгек жасаган Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев мындай деди: “Манас” эпосу 1995-жылы “Манастын” 1000 жылдыгында союздун учурундагы тексттер менен түрк тилине чыккан, эгемендүүлүк келгенден кийин Самар Мусаев, Райкул Сарыбеков, Раиса Кыдырбаева, Абдылдаев, Кырбашев, Айнек Жайнакова деген эже-агалар колго алып, латын, араб арибинен Сагынбай менен Саякбайдын вариантын иштеп чыгышкан. Сагынбай Орозбаковдун бул жыйнагы 173 миң сап менен чыкты. 10 миң сабы фантастика, Батышка жасаган жортуулдар болгондуктан, аны өзүнчө жарыяладык. Бул китепке мурда алынган эпизоддор кошулду, такталып чыкты. Дүйнөгө тарап кеткен түрк тилдүү элдер үчүн бул чоң олжо”.