Меню

A A
ДҮЙНӨЛҮК "РУХ САНАТ" МУЗЫКА ФЕСТИВАЛЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

ДҮЙНӨЛҮК "РУХ САНАТ" МУЗЫКА ФЕСТИВАЛЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Бүгүн Ысык-Көлдүн жээгинде Дүйнөлүк "Рух санат" салттуу маданият жана музыка фестивалынын алкагында уюштурулган Эл аралык оозеки-кесиптик музыкалык искусство аткаруучуларынын конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Сынактын эки күнүндө (1-2-августта) Чолпон-Атадагы "Рух Ордо" маданий борборунун сахнасы 14 өлкөдөн (Кыргызстан менен кошо) 82 катышуучуну – жеке аткаруучуларды жана чыгармачыл топторду кабыл алды.
Уюштуруучулардын белгилешинче, сынак уникалдуу аянтчага айланып, анда байыркы музыкалык салттарды алып жүрүүчүлөр, изилдөөчүлөр, продюсерлер, чеберлер жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо менен алектенгендер бир чөйрөдө жолугушту. Бул жөн гана чыгармачыл атаандаштык эмес, тажрыйба алмашуу жана кесиптик өсүү үчүн жандуу платформа болду.
Сынакка Япония, Индия, Египет, Түштүк Корея, Польша, Бангладеш, Гвинея, Эстония, Венгрия, Россия, Казакстан, Непал, Өзбекстан, Кыргызстандан 8 жеке ырчы жана чет өлкөлөрдөн 12 чыгармачыл топ катышты.
Кыргызстандын атынан 3 жеке ырчы (комузчу Чолпон Мелисбек, ооз комузчу, комузчу Кутманаалы Султанбеков, акын жана ырчы Акматбек Султан) жана 3 топ ("Акак" комузчулар ансамбли, "Кербез" фольклордук ансамбли, "Үркөр" фольклордук тобу) катышып, өлкөнүн бай музыкалык дүйнөсүн таамай тартуулай алышты.
Катышуучулардын өнөрүнө дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген 7 эксперттен (музыка таануучулар, салттуу искусство изилдөөчүлөр, музыканттар) турган эл аралык калыстар тобу баа берди. Алар 10 баллдык жашыруун добуш берүү системасы боюнча иштешти. Жыйынтыгында добуштар тең чыгып, чечүүчү сөз төрагага таандык болду.
Сынактын жалпы байге фонду 3 млн сомду түздү.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
Баш байге (500 миң сом) “Акак” комузчулар тобуна ыйгарылды.
"Жеке аткаруучу" номинациясында 1-орун Донгак Найданга (Россия) (200 000 сом) жана Салтанат Кайрат кызына (Казакстан) (200 000 сом);
"Топ" номинациясында 1-орун «Хараача» (Россия) (300 000 сом) жана «Тенгри Саз» (Казакстан) (300 000 сом) топторуна;
"Жеке аткаруучу" номинациясында 2-орун Муминова Гузалга (Өзбекстан) (150 000 сом) жана Мелисбекова Чолпонго (Кыргызстан) (150 000 сом);
"Топ" номинациясында 2-орун «Кербез» (Кыргызстан) (200 000 сом) жана «Dibbo Gyaani» (Бангладеш) топторуна (200 000 сом);
"Жеке аткаруучу" номинациясында 3-орун Султанбеков Кутманаалыга (Кыргызстан) (100 000 сом), Акматбек Султанга (Кыргызстан) (100 000 сом) жана Холхуджаев Шухратка (Өзбекстан) (100 000 сом);
"Топ" номинациясында 3-орун «Mystical Journey to India By Kartikeya Vashist & Makrand Sanon» (Индия) (150 000 сом), «Cheon Gung» (Корея) (200 000 сом) жана «Nippondaiko Takeru» (Япония) (150 000 сом) топторуна ыйгарылды.
Салттуу маданиятты жана музыканы аздектеп күтүп келе жаткандыгы үчүн Эл аралык калыстар тобунун атайын диплому менен «Klara Dudas and Borbala Toreky duo» (Венгрия), «Super Trio» (Польша) жана «Каусар» (Казакстан) топтору сыйланды.
Жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Конкурстун ар бир катышуучусу катышкандыгы үчүн диплом менен сыйланды. Атайын сыйлыктар чыгармачыл союздар, фонддор, коомдук уюмдар жана фестивалдын өнөктөштөрү тарабынан уюштурулду.
Баалоонун критерийлери болуп музыкалык чыгарманын аутенттүүлүгү жана түпкү таандыктыгы (аспаптын тембринин генетикалык белгилеринин, обондун флекциялык, интонациялык касиеттеринин, чыгарманын жанрдык көрүнүшүнүн сакталышы), аткаруунун чеберчилиги, элдин улуттук кийиминин жана сахна маданиятынын пайдаланышы, салттын сакталышы жана анын түпкү белгилеринин бурмаланбашы, ошондой эле аудитория менен баарлашуунун заманбап каражаттарын аткарууда жана чечмелөөдө пайдалануу мүмкүнчүлүгү эсептелет.
Лауреаттардын финалдык концерти жана фестивалдын жабылыш аземи 3-августта "Рух Ордонун" башкы сахнасында чет өлкөлүк коноктордун, мамлекеттик, коомдук, маданий ишмерлердин жана кеңири аудиториянын катышуусунда өттү. Бардык конкурстук иш-чаралар коомчулук үчүн ачык болуп, түз эфирде көрсөтүлдү.
"Рух Санат" фестивалы эки жылда бир өтүүчү эл аралык иш-чарага айланат. Быйыл салттуу маданият жана музыка башкы темага айланса, кийинки жылы уюштуруучулар этникалык бийге багытталган фестиваль өткөрүүнү пландап жатышат.

Сүрөттөр