Меню

A A
"РУХ САНАТ" ДҮЙНӨЛҮК ФЕСТИВАЛЫ "РУХ ОРДОДО" ӨТҮҮДӨ"САПАР АЛДЫ

"РУХ САНАТ" ДҮЙНӨЛҮК ФЕСТИВАЛЫ "РУХ ОРДОДО" ӨТҮҮДӨ"САПАР АЛДЫ


1-2-3-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Бүткүл дүйнөлүк «Рух Санат» салттуу маданият жана музыка фестивалынын алкагында «Салттуу маданият жана искусство: сактоо жана өнүктүрүү маселелери» аталышындагы Эл аралык конгресс өтүп жатат.
Кыргызстан биринчи жолу, ааламдашуу доорундагы салттуу маданият, музыкалык искусство маселелерин талкуулоого, дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөлөрүнөн окумуштуу-изилдөөчүлөр, эксперттер катышып жаткан илимий-маданий диалогго аянтча болууда. Конгрессти өткөрүү менен Эл аралык аренада Кыргызстан уникалдуу руханий маданий кодду алып жүрүүчү өлкө катары таанылууга жана академиялык, маданий, дипломатиялык байланыштарын бекемдөөгө шарт түзүлүүдө.
Конгресске Австрия, Азербайжан, Улуу Британия, Венгрия, Испания, Кытай, Казакстан, Малайзия, Монголия, Нидерланды, Орусия, Словения, АКШ, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Чили, Шри-Ланка, Түштүк Корея, Жапония сыяктуу өлкөлөрдөн 100дөн ашуун изилдөөчүлөр оффлайн жана онлайн форматта катышууда.
Материалдык эмес маданий мурасты, анын ичинде салттуу маданият жана музыкалык искусство тармагында иш алып барган уюмдарды, өкүлдөрдү кабыл алып жаткан фестивалдын алкагында өтүүчү Конгресске ICTMDдин азыркы президенти, профессор Тан Суи Бенг айымдын келиши өзгөчө мааниге ээ. Ал биринчи жолу Борбордук Азия аймагына расмий визит менен келе жатат. Эл аралык өкүлчүлүктөрү жана изилдөө топторунун ишмердүүлүгү аркылуу дүйнөдөгү этностордун маданиятын, салттуу музыкасын сактоого, жайылтууга салым кошкон, адамзатты тынчтыкта өмүр сүрүүгө үндөгөн ICTMD уюму ЮНЕСКО менен расмий консультативдик мамиледе иш алып барууда.
Конгресстин катышуучулары салттуу маданият жана этностордун музыкалык искусствосунун көйгөйлөрү, абалы, жана өнүгүүсү боюнча илимий баяндамаларды угуу менен Нидерланды, Словения, Шри-Ланка, Малайзия, Борбордук Азия жана башка өлкөлөрдүн руханий мурасты, этномаданий баалуулуктарды сактоо тажрыйбалары менен бөлүшөт жана резолюцияга сунуштар берилип, КР Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору менен кызматташуу боюнча Келишимдерге кол коюлат.
Конгресстин ардактуу конокторунун жана катышуучуларынын арасында: Словениянын Любляна университетинин искусство факультетинин этномузыкатаануу кафедрасынын профессору ICTMDдин экс-президенти Сванибор Петтан, Россия Федерациясынын П.Чайковский атындагы Мамлекеттик консерваториясынын илимий иштер боюнча проректору, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Константин Зенкин, АКШнын Индиана университетинин антропология жана Жакынкы Чыгыш изилдөөлөрү боюнча профессору Назиф Шахрани, Стамбул мамлекеттик консерваториясынын профессору Абдуллах Акат, Тажикстан Улуттук илимдер академиясынын Искусство таануу бөлүмүнүн башчысы, илимдин доктору Аслиддин Низамов ж.б. бар.
Илимий иш-чаранын максаты – окумуштуулар менен салттуу музыканы алып жүрүүчүлөрдү бир аянтка чогултуп, ата-баба мурасын кийинки муундарга өткөрүп берүү боюнча биргелешкен ыкмаларды сунуштоо, талкуулоо жана ишке ашыруу.
Конгресс салттуу маданият, искусство жаатында эл аралык илимий-изилдөө-долбоорлорун ишке ашырууга жана билим берүүдөгү демилгелер үчүн жаңы горизонтторду ачат. Өлкөбүз маданий мурастарды сактоонун дүйнөлүк процессинин активдүү катышуучусу катары өзүн көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк алууда.

Сүрөттөр